СКЕПТИЦИЗМ

СКЕПТИЦИЗМ (гр. skeptikos — кароочу, иликтөөчү) — объективдүү дүйнөнү таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө шек саноо м-н караган философиялык багыт. Бир нерсени ишке ашыруу, мүмкүнчүлүгүнө ишенбей, сын көз м-н кароо. С. Грецияда б. з. ч. 4-к. пайда болгон. (Пиррон, Энесидем, Секст-Эмпирик, Аркессилай, Карнеад). С-дин ашынган түрү — агностицизм. Анын өкүлдөрүнө И. Кант, О. Юм ошол эле азыркы учурдагы айрым буржуазиялык… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК АРАЛЫК

СОЦИАЛДЫК АРАЛЫК (Дистанция социальная) (лат. distantia — аралык) — социалдык топтор м-н адамдардын жакындыгынын же алыстыгынын даражасын мүнөздөөчү түшүнүк. Батыш социологиясында С. А-ты талдоого алуу биринчи жолу Зиммель, Парк ж-а Берджас тарабынан жүзөгө ашырылган. С. а-ты ички ж-а тышкы деп бөлүштүрүүгө болот; тышкы аралык улуттар, таптар, социалдык топтор ортосундагы аралыктарды мүнөздөсө, ичкиси топтордун мүчөлөрүнүн ортосундагы аралыкка тийиштүү. С.… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК САНКЦИЯ

СОЦИАЛДЫК САНКЦИЯ, социалдык таасир этүү чаралары — айрым социалдык топтордун (коом, эмгек жамааты, коомдук уюмдар, компаниялар, ж. б.) социалдык жактан карманган чен- өлчөм, баалуулуктардан четтеген оң же терс жүрүм-турумдарга жасаган мамилеси. С. с. сыйлоо же жазалоо түрүндө болуп, жеке адамдын жалпы ишке катышуусуна түрткү берет да, иш-аракетти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, жамааттын ынтымагын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Рим укугунда «санкция»… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК САПАТТАР

СОЦИАЛДЫК САПАТТАР (качества социальные) — адамдык тажрыйбанын, адамдардын биргелешкен же жеке ишмердигинин жыйындысы, алардын ар кандай комбинациялары, композициялары, синтездери. Социалдык сапаттар адамдардын ишмердүүлүгүнүн шарттарында, чөйрөлөрүндө, куралдарында ж-а инструменттеринде ишке ашат. Аталган сапаттар адамдардын жеке болмушунан, алардын жөндөмдүүлүктөрүнөн, керектөөлөрүнөн, ыктарынан, эптеринен, билимдеринен, алардын жүрүм-туруму м-н алакаларына мүнөздүү болгон формалардан да көрүнөт. Адамдардын болмушу м-н тике байланыштуу болгондуктан, социалдык сапаттардын… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК СИСТЕМА

СОЦИАЛДЫК СИСТЕМА — өзүнүн табияты боюнча социалдык өзгөчөлүктөргө ээ, өз ара ар түрдүү байланыш ж-а карым-катнаштар аркылуу бириккен, айрым адамдарды ж-а социалдык топторду өз ичине камтыган татаал түзүлүштөгү, ирээттүү биримдик; узак убакыттар бою биримдикте, жакын жашашкан адамдардын тобу; так аныкталган социалдык түзүлүшкө ээ уюм; этностук же улуттук жалпылык, мамлекет же өз ара карым-катыштагы мамлекеттердин тобу, ж. б. айрым… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ (лат. stratum — катмар. facere — жасоо) — коомдун структурасы боюнча социологиялык окуу. «Страта», же болбосо социалдык катмарга С. с. коом бөлүнөт. Бөлүүнүн негизги каналы ар түркүн белгилер кабыл алынат: экономикалык, саясий, биологиялык, рассалык, диний ж. б. стратификациянын кректерин талдоодо бирдиктүү ой социологдордун арасында жок. Коомду таптарга бөлүү С. с. түшүнүгүн камтыйт, мындай бөлүнүүнүн негизине эркин… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК УБАКЫТ

СОЦИАЛДЫК УБАКЫТ — социалдык убакытты адамдардын бири-бирин алмаштырган ишмердүү- лүктөрүн мүнөздөө үчүн колдонуучу категория. С. у. социалдык формалардын калыбынын туруктуулугун белгилейт. С. у. социалдык болмушту рухий-теориялык деңгээлде сүрөттөйт ж-а социалдык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн, байланышын, уюшуусунун шарты катары эсептелет. Коомдун традициялык формаларында социалдык болмуштун мейкиндик мүнөздөмөлөрү убакыттын ченемин өзүнө көз каранды кылып, аныктап турган. Жаңы Мезгилде, индустриялык коомдун түзүлүшү м-н,… Калганын окуу »

АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ

ТАБАЛДИЕВ Асанбек (1935, Нарын р-ну, Жергетал айылы — 1975, Бишкек ш.) — философия илимд. доктору (1971), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1974). КМУнун тарых факультетин бүтүрүп (1957), анда окутуучу, тарыхый материализм кафедрасынын башчысы, 1973-жылдан КСЭнин башкы редакторунун биринчи орун басары, башкы редактору, социологиялык илиздөө б-ча белгилүү адис. Анын ил. эмгектеринде улут маселеси, кыргыз элинин коомдук аң-сезим закон ченемдери… Калганын окуу »

ТАБИЯТ

ТАБИЯТ (Природа) — 1) кең маанисинде бүткүл дүйнөнү, андагы формалардын көп түрдүүлүгүн чагылдырган философиялык түшүнүк; материя, универсум, аалам түшүнүктөрү м-н бир катарда пайдаланылат. Т. аң сезимден сырткары ж-а ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулук. Анын баш-аягы жок, убакыт ж-а мейкиндик боюнча чексиз, тынымсыз кыймылдап ж-а өзгөрүп турат. Ошол себептен философияда Т. түшүнүгү нерсенин алгачкы маңызын (өзөгүн) да,… Калганын окуу »

ТАНДООНУН АКСИОМАСЫ

ТАНДООНУН АКСИОМАСЫ — көптүктөр теориясынын аксиомасы төмөнкүчө түзүлөт. Эгер Т. көптүгүнүн элементтери болуп кесилишпеген бош эмес С. көптүгү эсептелсе, анда С ж-а Т көптүгүнүн ар биринен жок дегенде бир элементтен турган бир көптүк бар болот. мис., Каң м-н С. Укан бир кыйла кыскача аныктама беришет. Эгер кесилишпеген С. көптүгү (совокупность) бирикмеси берилсе, ар бир чогулган көптүктөн бирден элементти… Калганын окуу »