АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген… Калганын окуу »

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак… Калганын окуу »

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун басары, 1963-жылдан улук илимий кызматкер, 1981-жылдан сектордун башчысы, 1988-жылдан жетектөөнү илимий кызматкер, 1991-жылдан башкы илимий кызматкер болуп эмгектенүүдө.… Калганын окуу »

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»;… Калганын окуу »

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ — кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман.… Калганын окуу »

ЧАЧЫК

ЧАЧЫК — элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө, беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип, чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой элести тартуулайт. Төкмө… Калганын окуу »

ЧАЧПАПИК

«Эңкейсе эрке чайпалган, күбөңдү сагындым» (Аалы). Бул — азем буюмунун бир түрү. Бапик анын коюу төкмө чачыларынан улам айтылат. Чолпунун бир түрү. «Күбөк» деп да аталат. Ал да кол жеткиздей кооз жасалат. Күбөктү кармоонун өзүнчө таасын ыкмасы бар. Чачта анын өтө эле келишимдүү көрүнө турган кооздуктары өзү эле баамдалат. Бул азем буюм Талас, Кетмен-Төбө, Ала-Бука, Чаткал, Аксы тараптагы… Калганын окуу »

ЧАЧКАП

«Чачкап таккан чачыңан. Үргүлөйүн ай тамак» (эл ыры). Бул — азем буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма көчөтү сымал алмаша… Калганын окуу »

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен… Калганын окуу »