ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР, ТЕРИЧИЛИК

(Теричилик) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюм- тайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу. Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын… Калганын окуу »

НААР ТҮШҮРҮҮ

НААР ТҮШҮРҮҮ — салттуу көн (шири) буюмдарына жана ашкана идиштерине көркөмдүк берүүнүн эң эле эски ыкмасы. Мында кыз-келиндер токуна турган тердикте түшкөн «наар» башкалардан айырмаланат. Бул түр өтө сыйда, ичкерээк, назик көрүнөт. Эч кандай кайыкчылыкты колдонбой, буюмдан өөн-бучкак келтирбей, бир четинен мөмө шак бутактанып, же «бадамча», «мүйүзчө», «жүрөкчө» оюмдарынын элементтерин «кыялданып» таштоочу чеберлер көп чыккан. Мунун да кыз-келиндерге… Калганын окуу »

ТЕРДИК

«Атка тердик салдырып, Ак каңкы ээр алдырып» («Манас»), «Булгаары тердик, муз желдик, Бурчтарын чеге жылдыздап» (Казыбек). Ал—ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрди астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, каптал жыгачтарынын жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Токулушу боюнча кыз-келиндерге жана эркектерге арналып, булгаары менен кийизден жасалат. Тердиктин ичи адатта, боз кийизден болот. Кыз-келиндердин тердигинин өлчөмү (140—150×50—60… Калганын окуу »

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ

ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ — жыгач буюмдарынын бир түрү. Ал — үндүү аспапты катуучу жатак. Темир комуздун түспөлүндөй жыгачтын ичин ал баткандай оюп, тили баткандай жана аны сактагандай тешикти шибеге-шиш аркылуу чыгарып, үстүн капкактайт. Демек, темир комуздун жатагы жана капкактын эки башы тешилип, экөөнү бириктирүүчү боо өткөрүлөт. Ал боо түрдүү түстөгү жиптерден турат да, кол башы менен чалынат. Учу… Калганын окуу »

ТЕКЧЕ

ТЕКЧЕ (секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк, чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң баркут тандайт. Буюмдун (75X40 см) четине «бычак учун» берип, анан сары өң менен кош жарыш сызык айланта «суу»… Калганын окуу »

ТЕЗ

«Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт» (Макал). Бул — жыгач усталардын дүкөнү. Боз үйдүн кереге-уугун жасоодо тал таяктардын түзүн ийе турган, ийрисин түзөй турган аспабы. Мунун бийиктиги 80— 100 см дей келет да, ача жыгачтын ача жагы жогору каратылып, жерге орнотулат. Ага узундугу бир жарым метрдей ийилбес жоон жыгачтын бир жагы бекитилет. Анын 20 мм дей төмөн жеринен… Калганын окуу »

ТЕГИРМЕН

«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл. Темир таштын үстүңкү бетине келсе, муну «бака» деп коет. Үстүнкү ташты айландыруучу астыңкы ташта «барасы» болот. Анын моюнуна… Калганын окуу »

ТЕГИРИЧ

«Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз… Калганын окуу »

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме… Калганын окуу »

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш кескич, тешкич, жылмалоочу, жалтыратуучу дүкөндөр бар. Илгери болот темирди түрдүүчө сугарып, (майга, кийизге) аны таш чегүүгө ылайыкташтырып алышчу.… Калганын окуу »