БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-статья) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту билдирет. Б. с. э. – граждандардын өлкөнү башкарууга, чарбалык жана мамлекеттик аппараттын бардык звенолорунун ишинин так, натыйжалуу болушун… Калганын окуу »

БАЙТИК баатыр

БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги башчы Рахматулла датканы жок кылууну уюштургандардын башында турган. Ал өз мезгилинин алысты даана көрө билген саясатчы катары, татаалдашкан… Калганын окуу »

БАЙ

БАЙ – кыргыз коомунун узак мезгилден бери өнүгүшүндөгү социалдык жана материалдык бөлүнүүлөрдүн бирин түшүндүрүүчү термин. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Б». термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп бөлүнүп келгени жалпыга маалым. Элдин мындайча бөлүнүшү табигый көрүнүш. Табият адамдарды күч-кубат, акыл-эс жагынан бирдей жаратпаган сыяктуу эле,… Калганын окуу »

«БАБУР-НААМА»

«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Чыгармалары орус тилинде «Б-Н». (1958) жана «Лирика» (1957) жарык көргөн. Буга чейин 1948–49-ж. чыгармалар өзбек тилинде… Калганын окуу »

«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл.

«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл. 1989-ж. 15-июлда уюштуруу конференциясы болуп, ага 32 баштапкы уюмдан 250 делегат катышкан. «А-дын» уставы каттооодон 1991-ж. 20-декабрда өткөн. 1989-ж. май-июнь айларында батирлерде жашап жүрүшкөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги жерлерди үй куруу үчүн өз алдынча басып ала башташы «А-дын» түзүлүшүнө себеп болгон. Кыймылдын уюштуруу конференциясын даярдоо учурунда жана уставын каттооодон өткөрүүгө бийлик тарабынан… Калганын окуу »

АТКА МИНЕР

АТКА МИНЕР – Октябрь революциясына чейинки мезгилде өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. Ал күч эмгегинен качып, ат үстүндө жүрүп оокат кылган кошоматчы, мансапкор деген мааниде айтылат. Көбүнчө болушту, бийди жана старчындарды шайлоону уюштурууда өзүн бийлеген талапкерлерге жагынып, анын жеңип чыгышы үчүн көмөк көрсөткөн. Өз тарабы жеңип чыкса А. м-дин кадыр-баркы да өскөн. Бүгүнкү күндө, коммунисттик режим учурундагы «атка… Калганын окуу »

«АТА-МЕКЕН» партиясы

«АТА-МЕКЕН» партиясы. Уюштуруу съезди 1992-ж. 7-ноябрда болуп, каттооодон ошол эле жылдын 16-декабрында өткөн. «А-М». партиясы «Эркин Кыргызстан» партиясынан бөлүнүп чыккан. «ЭрК» партиясы менен биригип «А-М». партиясын түзүшкөн. Партиянын төрагалыгына Камиля Кененбаева, анын орун басарларына Өмүрбек Текебаев, Улан Орозалиев, Кубан Бердалиев шайланышкан. Бул партиянын либералдык-центристтик принциптери төмөндөгүдөй: – коомдук турмушта компромисс жана консенсус жолу; – коомду эволюциялык реформалоо; –… Калганын окуу »

«АСАБА» – улуттук кайра жаралуу партиясы.

«АСАБА» – улуттук кайра жаралуу партиясы. Уюштуруу съезди 1991-ж. 2-ноябрда болуп, официалдуу каттооодон 1991-ж. 30-декабрда өткөн. «А». улуттук-демократтык саясий уюмун түзүү жөнүндөгү идея кыргыз жаштарынын 1990-ж. февралдагы чыгууларынан улам келип чыккан. Социалдык базасын кыргыз улутундагы жаштар түзгөн, жети жүздөн ашуун мүчөлөрү бар партия. 1990-ж. ноябрда официалдуу каттооодон өткөн, отуз беш пункттан турган программасы жана Уставы бар. Программадан кээ… Калганын окуу »

«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ 1999-ж. 9-июлда түзүлүп, каттоодон 1999-ж. 19-августта өткөн Оппозициялык багыттагы партия. Эки жолу съезд өткөрүшкөн: 1–5-январь 2000-ж., 2–2-апрель 2000-ж. Партиянын 2-съездинде баштапкы уюмдарга иштөөнүн жашыруун шарттарына өтүүгө чечим кабыл алынган. 2001-ж. 3-ноябрда Кыргызстан элдик Конгресси түзүлгөн. Ага «Ар-Намыс» (Алиев Э. А.), «Эркиндик» (Тургуналиев Т. Т.), «Ата-Мекен» (Текебаев Ө. Ч.) жана Эл (Бей-бечаралар) (Эшимканов М.) партиялары киришкен.… Калганын окуу »

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит (б. з. ч. 384–322) саясат проблемаларын өзүнүн эки китебинде «Саясат», «Афиндик полития» (саясат) караган. Өзүнүн саясий изилдөөлөрүндө А. адамзат коомдук турмушунда теңсиздик бар экенин делилдеп, анын негизинде кулчулук жатат деп жазган. Жаратылыш өзү бирөөн бийликчил, өкүмчүл, башкаларын бийликке баш ийдирип, кул кылып жараткан. Кулчулук бул фундамент, мамлекеттин пайда болушуна негизги шарт. Зериктирип жиберүүчү эмгек жашоонун жардамчысы… Калганын окуу »