АВТОНОМИЯ

АВТОНОМИЯ (гр. аvtonomia – көз каранды эместик) – Конституцияда бекитилген мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн өз алдынча башкаруу боюнча укугу. Иш жүзүндө А. тили, үрп-адаты жана экономикалык турмушунун өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган элдердин топтолушуп жашаган аймактарында түзүлөт. А. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Алсак: Россия Федерациясынын субъектилери: Калмык Республикасы ж. б.; АКШдагы штаттар; Германиядагы Баварияга окшогон жерлер ж. б. А-нын эки… Калганын окуу »

АВАНТЮРИЗМ

АВАНТЮРИЗМ, саясий (фр. avantyre – окуя, тобокелчилик) – чыныгы абалды, объективдүү шарттарды, саясий күчтөрдүн жана каражаттардын жайгашышын, коомдук турмуштун өнүгүү мыйзам ченемин эске албай, оңой эле ийгиликке жетүүгө умтулган, тобокелге салган саясий ишмердүүлүк. Бул бийликтен кетип жаткан же демократиялык жол менен бийликке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок топтордун аракеттерине мүнөздүү. Бийликти басып алуу же кармап туруу – авантюристтер үчүн башкы… Калганын окуу »

АБСЕНТЕИЗМ

АБСЕНТЕИЗМ (лат. Absent) absentiа – катышпоо) – бийликтин өкүлчүлүк уюмдарын, мамлекет башчыларын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүдөн баш тартышы. А-дин болушу, бир жагынан, коомдогу адамдын эркиндигинин белгиси, адам өзүн алып жүрүүнүн варианттарын тандоо укугуна ээ. Экинчи жагынан, А-дин болушу граждандардын бир бөлүгүнүн шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүгүн, талапкерлердин программалары жана убадалары менен граждандардын жашоо келечегинин ортосунда байланыштын жоктугун, шайлоо кампаниялары мезгил-мезгили,… Калганын окуу »