ТИЛЕКМАТ АКЕНИН АДИЛЕТ, КАЛЫС БИЙЛИГИ

Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын ар бир уруусунун — бугу, дөөлөс, саяк, коңурат, катаган, мундуз, моңолдор, саруу, басыз ж.б., башкаруучу бийлери болгону менен, жалпысынан аларга Боронбай манап өмүрүнүн акырына чейин жетекчилик кылган. Ал абдан калыс, бардык урууларды тең санаган адам болгондуктан, бугуларга тиешелүү Ысык-Көл өрөөнүнө ооп келген элге жер берип, аларды кодулабай бооруна тартып, бардыгын бир жерде жашаган адамдар деп… Калганын окуу »

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН ТЕК-НАСИЛИ

Тилекмат акенин тек-дареги жөнүндөгү маалыматтар оозеки айтылып келе жаткан санжыраларда гана кездешет. Ал тууралуу (тек-дареги тууралуу) өз мезгилинде жазылып калган юридикалык документтер жок. Санжыра демекчи, ал — кыргыз элинде оозеки тарых. Оозеки тарыхта кыргыз элинин байыртан бери башынан өткөргөн жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, башка элдер менен карым-катышы, эл ичинен чыккан өнөрпоздор — манасчылар, жомокчулар, акындар, ойчулдар, акылмандар, баатырлар, билермандар,… Калганын окуу »

ТИЛЕКМАТ АКЕ

  Тилекмат Аке жөнүндө 1950-жылдарда айылыбыздагы карыялардан чоң санжырачы, кошунам Садык атадан укчумун. 1972-жылы Шалба (азыркы Тилекмат) айылына барып, Акенин жаткан жайын көргөм. Бейити, коргону түзгө айланып, жалпак бышкан кирпичтердин сыныктары жер менен жер болуптур. Карыялар: «Коргондун кирпичтерин сарттар Акдөбөнүн тушунан көлдү кечип барып алышканын аталарыбыз айтчу эле» — деп кеп салышты.

САДЫР АКЕ

Макалада инсандын теги, XIX кылымдын жарымынан XX кылымдын башында коомго аралашып, чындыкты түз беке айткан фактылары, калыс болуп элдик инсан болгону далилдүү даректер менен берилет. Ошондой эле Мамлекеттик чегара бөлүшүүдөгү дипломаттык багытта барандуу кызмат өтөгөнү белгиленет.

КЫДЫР АКЕНИН ОСУЯТЫ

Ысык-Көлдүн Акелеринин кичүүсү Кыдыр Аке эки доордо өмүр сүрүп, экөөндө тең эл-журтуна кадыр-барктуу болгону менен айырмаланат. Кыдыр Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасынын Сейитказысынын бешинчи мууну. Түлөберди бабасынан Эренче аттуу колго түшкөн калмак кыздан Олжобай төрөлгөн [1, 8-б]. Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы аттуу баласы аттан жыгылып, каза таап, күйүттөн аялы Каным кийин төрөбөй калат. Кайнагасы Байсарыдан Кыдырды багып алышкандыгы… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫ

Кыргыз элинин калыптануу процесси өтө татаал жана эки миң жылдан ашуун убакытка созулган. Кыргыз эли этнос болуп калыптангандан бери тарыхтын татаал жолунан басып өтсө да, улут катары өзүнчө өзгөчөлүктөрүн сактап, бүгүнкү күндө өз маданиятына, руханий байлыгына ээ көз карандысыз эгемендүү мамлекетке айланды. Өзгөчөлүктөр дегенибиз эле ошол улуттун тили, дини, каада-салты эмеспи. Башка элдерден кыргыздар бай маданий мурасы жана… Калганын окуу »

“1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШТҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА КЫРГЫЗ МАНАПТАРЫНЫН ОРДУ”

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири — 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелинет. Орус баскынчыларынын колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин бул көтөрүлүшү жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет. Албетте, орус… Калганын окуу »

ФИЛОСОФИЯНЫН МАҢЫЗЫ (ЖЕ МЕТАФИЛОСОФИЯ)

«Философия» — байыркы грек сөзү: «фил» — «сүйүү», «жактыруу», «умтулуу», «ызат-сый», ал эми «софия», «акылмандык», «даанышмандык» дегенди түшүндүрөт, демек, акылмандыкка умтулуу, акылмандыкты урматтоо дегенди туюнтат. Бул сөз биздин заманга чейинки VI кылымда Байыркы Грецияда колдонула баштаган. Ошондон бери ушул маанисинде билимдин, илимдин, ой-түшүнүктүн өзгөчө бир түрүн билгизип келе жатат. Бул маанинин төркүнү, теги кандай? Астрономия, математика же физиканы… Калганын окуу »

ТААНЫМДЫН ТАБИЯТЫ (ЖЕ ГНОСЕОЛОГИЯ)

  Гносеология (грекче gnosis — таанып-билүү жана logos — окуу) — тааным теориясы, башкача айтканда, адам дүйнөнү кандайча таанып-билээрин, билим кантип жаралаарын, анын шарт-жагдайын жана чек-кыйырын иликтеген окуу. Термин катарына XVIII кылымда кошулуп, XIX кылымдын орто ченинен философиянын өзүнчө тармагы, бөлүгү иретинде карала баштаган. Иш жүзүндө таанымдын теориясы (гносеология) мындай ат ала электе эле, Байыркы грек философиясында тамырлап,… Калганын окуу »