АЛДАР КӨСӨӨ

«Алдар Көсөө» кыска аңгеме, улама жөө жомок түрүндө кыргыз, казак, каракалпак, түркмөн жана Памирдик кыргыздарда айтылат. Кыргыз, казак материалдары боюнча тарыхый Жаныбек хандын катышкандыгына карабастан, анын тарыхый адам экендигин далилдей турган фактылар жок. Чыгарманын камтыган окуялары да ар түрдүү, элдин турмушундагы ар кандай кезеңдерди, учурларды камтыйт. Ошондуктан Алдар Көсөөнүн жогорку өзгөчөлүгүн эске алып: «Алдар Көсөө» жомогунун абалкы пайда… Калганын окуу »

АСАН КАЙГЫ

«Көчмөндөрдүн философ-акыны» (Ч. Ч. Валиханов) Асан кайгы мурдагы (XIII—XIV кылымдардагы) Алтын Ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногойлорго) өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармаларын калтырып кеткен. Бир чети ушул асыл мурасты 6—7 кылым бою ашырса ашырып, акыры бир жерин да кемитпестен, кагазга атайы жазылып калтырылгандай оозеки сактап келген элдин эсине таң бересиң. Эл Асан кайгынын чыгармаларын кадимки өз калыбында… Калганын окуу »

«МАНАС» эпосу

«МАНАС» ЭПОСУ – мааниси,  эл турмушунан алган орду жактан кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз тарыхта аты белгилүү  болгон  үч миң  жылдан ашуун убактан бери басып  өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын, билгендери менен тажрыйбасында топтолгондордун алгылыктууларын, башынан кечирген  өйдө-ылдыйлуу окуялар жөнүндөгү  маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан алтын казынанын милдетин аткарып, элибиздин ыйык тутуп, укумдан-тукумга бөксөртпөй сактап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы.

МАНАСЧЫЛАР

Манасчы — адабияттык термин маанисине ээ болгон сөз. Терминдин маңызы — кесипчиликтин өзүнчө бир түрүн түшүндүрүп, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосун жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп, биздин учурубузга чейин алып келген, аны бүгүнкү көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген элдик таланттарга карата колдонулат. Манасчылык кесип мазмуну, формасы жактан фольклористикадагы сейрек көрүнүш.

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«Семетей» — кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал айтылуу «Манастын» уландысы эсептелип, үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү катары Манас баатырдын уулунун ысымы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан» кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиш стили жактан элдик оозеки чыгармачылыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит — элдин сезиминдеги сүйүктүү каарманы Манастын оор трагедиясын… Калганын окуу »

БАГЫШ

Колубузга тийген баатыр Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян Кызыл-Суулук белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда жарык көрүп олтурат. Бул эпикалык баян жалаң гана Кызыл-Суулук кыргыздардын арасына кеңири тараган эпос болбостон, ошондой эле АлаТоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланарына шек жок.

ЭР ТАБЫЛДЫ

«Эр Табылды» Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. Бизге Актан Тыныбековдун вариантынан башка эки варианты белгилүү. 1923-жылы К. Мифтаков ошол кезде Сыр-Дарыя областы, Олуя-Ата уезди аталган аймактын тургуну Дыйканбай уулу Ырысбайдан жазып алган нуска али да Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Манастаануу жана көркөм өнөр борборунун корунда сакталууда.

ЭР ТӨШТҮК

Түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири «Эр Төштүк». Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу жана көп версиялуу чыгарма. «Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү элдердин көпчүлүгүндө жолугат. Булардын ичинен С. Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос «Сырттан Төштүк» классикалык үлгү катары бааланып, орус, француз сыяктуу… Калганын окуу »

ЖАНЫШ, БАЙЫШ

Коомдук түзүлүштүн матриархаттык доорундагы аңчылык менен кесип кылган уруучулук мезгилден баштап, биздин күндөргө чейинки өтө узак убакыттын ичинде, өткөндөгү жараткандарын унутта калтырбоо менен бирге жаңыларды жаратып, үзгүлтүксүз өнүктүрүп-өстүрүп, толуктап, кеңейтип келген кыргыз эли — эпикалык оозеки чыгармачылыктын дүйнөдөгү бай казынасына ээ экендиги эч бир талашсыз чындык.

ЖОЛОЙ КАН

Аталып жаткан эпос өткөн кылымдын орто ченинде дүйнөгө атагы чыккан немец окумуштуусу В. В. Радловдун назарына бекеринен түшпөсө керек. Кыргыз элинин белгилүү эпостору «Манас» жана «Төштүк» менен бирдей даражада баатырдык эпос катары «Жолой канды» жазып алуунун өзү эле окумуштуунун эпикалык чыгарманы баалай билгендиги болуп саналат. Ошон үчүн В. В. Радлов өзүнүн классикалык эмгегинин V томун кыргыздарга арнап, эпостор… Калганын окуу »