ЖООДАР БЕШИМ

«Жоодарбешим» дастаны «Эр Төштүк» эпосундагы Төштүк баатырдын кара күчтөр менен болгон кармашы жөнүндөгү баяндын уландысы катары айтылган. Анткени, Төштүк адам баласына сырдуу сезилген дөө-перилерди, ар кыл табигый кара күчтөрдү багынтуу менен жер үстүнө чыкса, Жоодарбешим да ошол эле кара күчтөрдүн башка формада трансформацияланышындагы каармандар менен күч сынашып өзүнүн, б. а. адам акылынын үстөмдүгүн көрсөтүп, ошол сырдуу күчтөрдү жеңип,… Калганын окуу »

КОЖОЖАШ

Кожожаш жөнүндөгү баян доордун алгачкы баскычындагы элдин коллективдүү жашоо тиричилигинин көркөм баяны катары кабыл алынган. Жашоо үчүн табияттын ар түрдүү ситуациялык кубулуштарынан кутулуу жана жашоо тиричилигин улантууда табигый күчтөр менен күрөшүүнүн жолун издөөдө, адамдарды бирдиктүү күрөш жүргүзүүгө түрткү берген.

КУРМАНБЕК

«Курманбек» — калктын калың катмарына кеңири тараган сүймөнчүктүү баатырдык эпос. Чыгарманын башатында, түзүлүш, калыптаныш тарыхында бир канча айтуучулар катышса да, көпчүлүгүнүн ысмы унутулуп, эл эсинен чыккан. Бизге XIX кылымдан берки Токтогул, Мусулманкул, Шамшы комузчу, Калык, Сарыкунан, М. Каландаров сыяктуу айтуучулардын гана ысмы белгилүү. «Курманбекти» Токтогулдун айткандыгын, өздөрүнүн андан үйрөнгөндүгүн Калык жана анын шакирти Сарыкунандын эскергендигине карабастан, чоң акындын… Калганын окуу »

ТОЛТОЙ

Айтылуу Кызыл-Суулук кыргыздардын оозеки чыгармачылык үлгүсүнүн дагы бир нускасы — «Толтой» эпосу. Бизде айтылып жана жазылып калган кенже жана чоң эпостордун ичинде өз алдынча эл арасына баатырдык чыгарма болуп тараган «Толтой» аттуу эпикалык чыгарма жок. Кесе айткан себебибиз «Толтой» деген ат менен эл арасында таралып жана жазылып калган чыгарма кезиктирбегендиктен айтылып жатат.

«АК-МӨӨР» тууралуу

«Ак Мөөр» поэмасынын негизги каармандары Жантай кан, Ак Мөөр, Болот тарыхтаболгон, XIX кылымда жашаган реалдуу адамдар. Поэманын окуясы да таза автордукже айтуучулук кыялдануудан гана жаралган эмес, анын мазмундук өзөгүндө реалдуучыныгы окуя жатат. Өсүү жолунда анын айланасында ар кандай болумуштар, аңызаңгемелер, айтуучунун ой жүгүртүүсү, кошумчасы топтолуу менен айрымдеталдык жаңылануулар кирип, толук кандуу поэманы түзүп, варианттуулуккакөтөрүлгөн.

«КОЗУ КӨРПӨШ, БАЯН СУЛУУ» тууралуу

 Казак элинин сүйүп окуган жана кеңири тараган элдик көөнө поэмаларынын бири «Козу Көрпөш, Баян сулуу» 1812-жылдан баштап бир канча жолу басылып фольклорист-илимпоздор тарабынан кеңири изилдөөгө алынып келе жатат.

«БАЛБАЙ» тууралуу

Балбайдын баатыр болуп туулушу жөнүндөгү элдик түшүнүк элдик оозеки чыгармачылыктын туруктуу салтын улайт. Энеси жолборстун этине талгак болуп, төрөлгөндө баатырлыктын дагы бир белгиси — колуна кан чеңгелдеп түшүп, бүткөн боюнда жыш кара түк жүн болот.

«КАРАГУЛ БОТОМ» тууралуу

Чыгарманын «Карагул ботом» болуп аталып калышынын жөнү бар. Баланын аты Карагул, «ботом» деген көбүнчө чочуп кеткенде айтылат. Элик деп атса өз уулу болуп чыкканына чочуп айтылып, кошокко айланып, мүмкүн ошондой улам ушинтип аталып калган. Ошол эле учурда, төөнүн ботосуна салыштырла айтылып калышы да ыктымал.

«КУЛМЫРЗА МЕНЕН АКСАТКЫН» тууралуу

«Мырза уул менен Аксаткын» аталган поэманын бир вариантын 1947-жылы Ноокат районундагы, Кызыл Бостон селсоветинин, III Интернационал колхозунун Абек кыштагында жашоочу Тажибаева Анаргүлдөн Каим Мифтаков жазып алган.

«КЫЗ ЖИБЕК» тууралуу

Азыркы учурда элдик оозеки чыгармачылыкка өтө көңүл бөлүнүп, анын бардык проблемаларын элдин түпкү тарыхы, басып өткөн жолу менен терең байланышта кароо күн тартибине коюлууда. Борбордук Азия мамлекеттери өз алдынчалыкка ээ болгон күндөн тарта элдердин терең тамырына, ата-бабадан калган көркөм маданий мурастарынын чыныгы маанисине ылайык калыс баа берүү колго алында.