ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

 Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин (1904—1988) чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук жаңы маданиятын, адабиятын түзүүдө, басма сөзүн өстүрүүдө баа жеткис салым кошту. Ал эл жүрөгүнөн түнөк тапкан сандаган лирика, повесть, ангеме, пьеса, сатира-мыскыл, публицистикалардын автору.

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев (1912-1995) да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү көр болгон.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Поэзиянын ири чеберлеринин бири, ойчул, жаңычыл акын Алыкул Осмоновдун (1915—1950) чыгармачылык тагдыры жашоо, эмгектенүү, күрөшүү жолуна өз өмүрүн багыштаган адамдар үчүн өрнөк, сабак боло тургандай жөнөкөйлүгү, татаалдыгы, мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Жыйырмадан ашуун ыр китептерин жарыялап, жыйырмадай көп актылуу пьесаларды театрларга койдуруп, элдин алкоосуна ээ болгон Жалил Садыковдун поэтикалык жана драмалык чыгармалары идеялык-эстетикалык салмактуулугу менен бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын, театр искусствосунун тарыхына кошулган маанилүү салым болуп калды.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Акын жана драматург катары элдин урматтоосуна арзыган Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) кыска, бирок жемиштүү чыгармачылык жолду басып өткөн. Жаштайынан энеси Алтынайдын жомокторун, кошокторун көп угуп, тестиер кезинде эле элдик поэзияга аябай кызыгып, бара-бара Токтогул башында турган Кетмен-Төбөдөгү ырчылар мектебинен кандайдыр бир деңгээлде таалим алып, анан 1924-жылы Жалал-Абадга окуу издеп келген кезде Жоомарт он төрт жашар өспүрүм эле.

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ

КЫРГЫЗСТАНДЫН эң көрүнүктүү ишмери, биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахманов жөнүндө сөз кылганда, баарынан мурла анын эң катаал, эң оор жылдарда элге сиңирген эмгеги, кыйын кезең кырлаалла кылган эраиги, аллын көрө билген акылманлыгы, кыраакылыгы туңгуюктан жол таап, жүрөгүн Данколой сууруп чыгып, шамчырак кылган (өзүн курман кылган) жалтанбас каарманлыгы көз алдыга келет.

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ

Таланттуу акын, драматург Жусуп Турусбеков (1910-1943) адабият дүйнөсүнө башка кыргыз акын-жазуучуларына окшошпогон өз жолу менен келген. 20-30-жылдардагы адабиятыбызга көз жүгүртсөк анда бир катар акындарыбыздын алгачкы чыгармаларында али такшалбагандык, фольклордук эстетиканы аң-сезимсиз ээрчүү сыяктуу белгилерди байкайбыз.

КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВ

Касымалы Баялинов (1900-1980) совет доорундагы кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө белсемдүү эмгек сиңирген жазуучулардын бири. Айтылуу ‘’Ажар” повестинен баштап, К.Баялиновдун жазуучулук таланты жалпы журтчулугубузга кеңири таанымал болгон. Анын чыгармалары көп жылдардан бери орто мектептердин, жогорку окуу жайлардын окуу программаларына киргизилип окулуп, үйрөтүлүп келатат.

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Көрүнүктүу прозачы жана драматург Касымалы Жантөшев (1904-1968) 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн «Тепкедеги жаңы мектеп” деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедегн педтехникумда окуган.

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Көрүнүктүү акын жана драматург К.Маликовдун (1911-1978) көркөм адабиятка шилтелген алгачкы кадамы кабарчылык иштен башталган. 1926-жылдын сентябрь айында «Эркин-Тоонун” 15 жаштагы кабарчысы К.Маликов ошол газетанын редакциясынын түздөн-түз жардамы аркылуу Фрунзедеги педтехникумдун орто даярдоо классына келип киргенден тартып чыгармачылык ишке өз тагдырын биротоло байланыштырат.