КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВ

Өмүрүнүн соңку жылдарында К. Баялинов өзүнүн жаштык чагы, бурганактуужыйырманчы жылдар, чыгармачыл курбалдаштары туурасында бир катар эскерүү, макалаларды жазган. Ошондой эскерүүлөрүнүн бирин жазуучу «Революцияуландары» деп атаган. Биздин оюбузча, ушул аныктаманы жазуучунун өзүнө, жекеадамдык жана чыгармачылык тагдырына, кыргыз адабияты үчүн аткарганвазипасына карата да колдонууга болор эле.

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Кыргыз совет адабиятын баштагандардын жана аны андан ары күрдөөлдүү өнүктүргөндөрдүн бири Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Түп районуна караштуу Теңизбай деген айылда дыйкандын үй—бүлөсүндө туулган. Ал адегенде айылдык мектепте (1919— 1924) окуп, кийин Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1930). Окууну аяктагандан кийин эл агартуу системасында, кыргыз театрында кызмат өтөгөн.

СЫДЫК КАРАЧЕВ

«Сыдык Карачев өзүнүн чыгармачылык ишин 1918жылы ыр жазуудан баштайт»,— деп кабарлаган бир макаласында 3. Ч. Мамытбеков. — Анын улуу Ленинге арналган ыры 1918-жылы «Шуро» («Совет) деген татар газетасында жарыяланат». Бир жагынан С. Карачевдин адабияттагы иш-аракети 1918-  жылдан, б. а. тигил жарыяланган ырынан башталат деген пикир да күнөм санатат. Анын ошол жылга чейин эле татарча (балким, кыргызча да) ыр жазып жүрүшү… Калганын окуу »

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

А. Токомбаевдин чыгармачылыгы Ташкен шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүргөн кезегинде башталган. 1923—жылы анын «Биринчи строфа» жана «Эски чоң» аттуу ырлары ошол окуу жайында чыгарылуучу «Интернационал» журналына, ал эми «Курманбек» эпосунун ыр жана кара сөз түрүндө жазылган кыскача версиясы «Шолпан» журналына казак тилинде жарыяланган. Үркүн учурунда тарткан азаптары жүрөгүнө өчпөс так салган студент Аалы 1924-жылы В. И.… Калганын окуу »

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстановдун өмүрү кыска болсо да, ал өрнөктүү болгондугун тарых күбөлөп отурат. Ал жаш кезинен кат таанып, мусулман, орус-тузем мектептеринен таалим алган. 1919-жылы Ташкенге барып, казак-кыргыз агартуу институтунда окуган. Дал ошол жылдары чыгармачылыкка шыктанып, колуна калем кармаган. Ал 1925— 26-жылдары Кыргыз автономиялуу областынын Академиялык борборунун төрагасы, «Эркин Тоо» газетасынын жооптуу редактору, 1927—30-жылдары Кыргыз АССР эл агартуу комиссары (министри)… Калганын окуу »

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

А. Токтомушев 1912-жылы 15-июлда азыркы Кемин районундагы Чоң-Кемин кыштагында батрактын үйбүлөсүндө туулат. Анын өмүр жолунун башталышы 1916жылкы эл үркүнүнө, андан кийинки Улуу Октябрь революциясынын жер-жерлерде толук орношуна чейинки оор күндөргө туура келди. Тестиер курагын Турпан тоолорун жөө-жалаңдап ашуу менен баштап, ата-энесинен бир туугандарынан ажырап, дунган айылы Каракоңузда жалгыз калды. Атасы Муса деген дунган байында малай жүрүп, кордолуунун чегине… Калганын окуу »

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Ж. Бөкөнбаев чыгармачылыкта он бештей гана жыл жашаптыр, анын да көбүн окуу менен, газет-журналдардын түйшүктүү иши менен, Токтогулдун эл ичинде чачылып калган ырларын жыйноо менен, караң калгыр согуштун каары менен алпурушуп өткөрүптүр, өзүнүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн чыгармачылыкка арнап бере албай келиптир. Ошентсе да анын поэзиясы кырк-элүү жылдан кийинки окурмандын көзү менен караган күндө да, жаңы жактары, бүгүнкү адамды да… Калганын окуу »

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ

Ж. Турусбеков жөнундө сөз болгондо аны менен өз учурунда кыргыз көркөм маданиятын түптөөнүн азаптуу татаал түйшүгүн бирге тартышкан замандаш калемдештери акындын кезегинде сүрөткер катары абыдан бышык, чыгаан, а түгүл алдыга ат чабымдай озо чыккандыгын бир ооздон белгилешет. Мунун чындык экенин 20—30-жылдардын адабиятына салыштырмалуу караганда акындын чыгармаларынын өзү да ырастап турат.

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Акын-драматург К. Маликов кыргыз улуттук профессионалдык адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары элинин көркөм маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө зор салым киргизген. Анын адабий мурасы баарыдан мурда тематикалык жактан өтө байлыгы, терең мазмундуулугу, жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал 1911-жылы Кант районундагы Үч-Эмчек айлында төрөлгөн. К. Маликов чыгармачылыгын өзүнө курбалдаш жаш таланттар сыяктуу эле кыргыздардын биринчи газетасы «Эркин Тоонун» бетине кабар жазуудан баштап (1926жылы) «Чүй… Калганын окуу »

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

М. Элебаев айтылуу «Зарыгамы» менен таанылып, журтчулукка алгач акын катары белгилүү болгон. Анын бул ырын ошол мезгилдеги окууга дилгирленген жаштардын көпчүлүгү гимн катары, обонго салып ырдашкан. Ошол учурдун көзү менен караганда акындын поэзиясы өз мезгилинин демин, шарапатын төп чагылдырган күчтүү чыгармалар катары саналган. Ал чыгармачылык менен алпуруша баштагандан тартып эле боордош элдердин, ошондой эле орус адабиятын жана дүйнөлүк… Калганын окуу »