РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

Эң күчтүү сын — мезгил сыны, эң бийик жана эң туура чен өлчөм — мезгил чен-өлчөмү. Эч ким бералбаган курч бааны мезгил берет, эч ким көрсөтө албаган кемчиликти да мезгил көрсөтөт. Эч ким эч кимди мезгилче иргей албайт. Эч ким эч кимди мезгилче өз ордуна да коё албайт. Генийлер менен улууларды да, тубаса оргуган кара таланттар менен жазуучу… Калганын окуу »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Өзгөчө бир социалдык-тарыхый шартта жаралган кыргыз жазма адабияты көркөм өнүгүштүн тарыхында сейрек кездешүүчү чапчаңдык менен калыптанды. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын башында гана алгачкы туундулары пайда болгон улуттук көркөм сөз өнөрү элүүнчү жылдардын ортосу — алтымышынчы жылдардын башында жанрдык системасы өнүккөн, адам баласынын жана коомдун көп кырдуу турмушу — көркөм чагылдыруунун ыкмаларын кадыресе профессионалдык деңгээлде өздөштүргөн адабиятка айланды. Арийне,… Калганын окуу »

ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ

Темиркул Үмөталиевдин өмүр баянына, чыгармачылык жөлуна иликтөө жүргүзгөнүбүздө жеке эле анын турмушундагы эмес, жалпы кыргыз элинин тагдырындагы эпохалык окуя — Октябрь революциясынын өзгөчө мааниси бадырая көрүнөт. Анын фонунда, революция алып келген социалдык, саясий, маданий өзгөрүштөрдүн тизмегинде, акындын турмуш жолун чечмелөө закон ченемдүү көрүнүш. Себеби, Октярь революциясынын шарапаты менен гана Темиркул Үмөталиев улуттук адабияттын пайдубалын түптөгөн чоң акындык даражасына… Калганын окуу »

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВ

Абдукаимов биринчи адабий тажрыйбаларын кыргыз совет адабиятынын алгачкы мууну менен тең чамалаш эле баштаган. Маселен, жаш автор 1928—1929-жылдарда «Жаңы маданият жолунда» деген журналда «Таң атканда» (№ 6—7), «Бакты жолунда» (№2 8—9 аңгемелерин жарыялайт. Анын үстүнө У. Абдукаимов көркөм адабий ишмерликке 1922—1925-жылдарда Ташкендеги Казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Фрунзедеги педтехникумда окуп, билим жагынан да бир кыйла даярдык менен киришкен. Анткен менен ал… Калганын окуу »

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Алыкул Осмонов өтө кыска өмүр, сүрсө да, кыргыз совет адабиятын, асыресе поэзиясын профессионалдык даражага көтөрүшкөн, жаңы сапаттагы улуттук көркөм сөз казынасына салмактуу үлүш кошкон калемгер. Анын чыгармачылык мурасы көп сандаган ырлар менен поэмалардан, котормолордон, пьесалардан куралат. Бирок ал мурастын чордондуу жери — оригиналдуу поэтикалык чыгармалар. Осмоновдун ысмы улуттук китепкөйлөрдүн аң-сезиминен ардактуу орун ээлеген. Анын мыкты ырлары, поэмалары, поэзиялык… Калганын окуу »

КАСЫМ КАИМОВ

Касым Каимов адабият майданына кыргыз адабиятынын жаңы этабы башталган, жаңы сапаттагы баскычка кадам таштаган 50-жылдары келип кошулду. Кыргыз адабиятын жаңы тепкичке көтөрүп, өзүнчө ачылыш окуя болгон чыгармалар менен байыткан Ч. Айтматов, Т. Касымбеков, Ш. Бейшеналиевдердин катарында Касым Каимов да өз үнү, өз маанайы менен келген ошол жаңы муундун өкүлү эле.

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

М. Элебаев айтылуу «Зарыгамы» менен таанылып, журтчулукка алгач акын катары белгилүү болгон. Анын бул ырын ошол мезгилдеги окууга дилгирленген жаштардын көпчүлүгү гимн катары, обонго салып ырдашкан. Ошол учурдун көзү менен караганда акындын поэзиясы өз мезгилинин демин, шарапатын төп чагылдырган күчтүү чыгармалар катары саналган.

МИДИН АЛЫБАЕВ

М. Алыбаевдин адабияттагы жолунун башталышы ошол учурда өзү менен чамалаш чыккан акын, жазуучулардын чыгармачылык биографиясына өтө эле жакын же окшош деп айтса да болот. Негизинен ал деле 30-жылдардын көркөм интеллигенциясынын өкүлдөрү туш келген шартка кабылып, ошолор жалпы аралашып жүргөн коомдук-саясий жана адабий атмосферага кирип, ошолор жашаган чөйрөдө жашап, ошолор азыктанган рухий байлыктар менен азыктанып, ошолор дем, кубат алган… Калганын окуу »

НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВ

Насирдин Байтемировдун чыгармачылык шыгынын ойгонушуна өбөлгө болгонбиринчи нерсе бала чагындагы энесинен уккан жомоктору жана Калмырза, Жаманкул, Осмонкул өңдүү атактуу ырчылардын ырлары болсо, ошол  таасирлерденжазуучунун «Жомоктор» аттуу биринчи китеби жаралган), экинчи чоң фактор турмуш чындыгы болгон.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

С. Эралиев 50-жылдардан тартып азыркы мезгилге чейин поэзиянын «ак кемесинде сүзүп», окурмандардын аудиториясына лирикалык саптардан баштап философиялык ой камтыган поэмаларды тартуулап келе жатат. Мазмундук жана формалык изденүүдөн-изденүү жаратып, бийиктиктен-бийиктикке секирик жасоодо.