СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты С. Жусуев 50-жылдардан баштап кыргыз адабиятында чыгармачылык изденүү менен талыкпай эмгектенип келе жатат. Алгачкы тажрыйбалык процессти баштан өткөрүүдө акын да көпчүлүк жаш акындар сыяктуу эле «алыкулдук агымдын» толкунунда болгон. Анын үйрөнчүк деңгээлде жүргөндүгүн тырмак алды «Эмнеликтен сүйөмүн» деген жыйнагы күбөлөп турат.

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд — дүйнөгө даңкы чыккан эң көрүнүктүү чыгыш тарыхчысы. Анын зор окумуштуулук таланты, таң каларлык эрудициясы, талыкпай эмгектенүү жөндөмдүүлүгү жана чыгыш тилдерин мыкты билгендиги ага 400дөн ашык илимий эмгек жаратууга мүмкүндүк берген. Мындан тышкары ал «Ислам энциклопедиясына» Орто Азиянын тарыхы боюнча 246 макала жазган. Анын эмгектери 9 томго бириктирилип, 1963—1977-жылдары кайрадан басылып чыкты.

МУСА ЖАНГАЗИЕВ

Кыргыз эл акыны М. Жангазиевдин алгачкы чыгармачылыгынын башаты 40—50-жылдарга таандык. Адабий чөйрөгө ал алгач турмуш тиричиликтен алынып жазылган публицистика, очерк ошондой эле фельетондору аркылуу аралаша баштайт. Ал эми акындын эң биринчи чыгармалар жыйнагы «Балалык» деген ат менен жарыкка чыгат. Андан бери ал бир нече жыйнактарды окурмандар алдына сунуш кылып кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келди.

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

Т. Абдумомунов бүткүл өмүрүн драматургияга, театрга арнаган адам болчу. Кыргыз Академиялык драма театрынын анын ысмын алып жүрүшү толук мыйзам ченемдүү. 1944-жылы алгачкы комедиясы «Борбаш» коюлгандан тарта, анын аты драматург катары эл оозуна кирип, өмүр бою Т. Абдумомунов бул жанрдан такыр баш тартка жок. Элге өтө жакын жана түшүнүктүү драмалык текте ага чейин К. Жантөшев, К. Маликов, Р. Шүкүрбеков… Калганын окуу »

ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВ

Т. Байзаковдун «Тилегим» аттуу ыры 1946-жылы гезитке басылган. Акындын «Тандалмалар» (1983) жыйнагында да «1941», «1942», «1943» деген даталар менен белгиленген он чакты ырлары кезигет. Ошентсе да акындын чыгармачылыгына саресеп салып караганда, ал акын катары адабий процесске 60-жылдардын аяк ченинен баштап гана чындап аралашканы көрүнөт.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.