«ОЛЖОБАЙ МЕНЕН КИШИМЖАН» тууралуу

Кыргыз эпостору көркөмдүк касиеттери, көлөмү жана саны жагынан гана дүйнө элдеринин эпосторунун алдыңкы катарында турбастан, эпос жанрынын пайда болушундагы алгачкы типтеринен тартып, эң акыркы точкасына жеткен стадиалдык өнүгүшүнүн бардык этаптарын өз кучагына камтышы менен да өзгөчөлөнүп турат.

«САРИНЖИ БӨКӨЙ» тууралуу

Кыргыздардын эпикалык чыгармаларында эпикалык жанр, анын чоң жана кенже түрлөрү маанилүү орунду ээлей тургандыгы белгилүү. Мына ошол эпикалык чыгармалар өздөрүнүн мазмунуна жараша мифтик, баатырдык жана социалдык-турмуш эпостору болуп классификациялануу оозеки адабиятыбызда кеңири тараган пикир. «Саринжи, Бөкөй» социалдык-турмуш эпосторунун түрүнө кирет.

«СЕЙИТБЕК» тууралуу

Элдик оозеки чыгармачылыгыбыздын ичинен, бизде, эпикалык жанр айрыкча күчтүү өнүккөнү талашсыз чындык. Улуу эпосубуз «Манасты» мындай койгондо да, кенже эпосторубуз дүйнө элдеринин эпосторунан не көлөмү, не көркөмдүк касиеттери боюнча эч биринен кем калышпайт. Алар мындай бийиктикке эпикалык салтты байыркы кылымдардан тартып биздин күндөргө чейин үзгүлтүксүз улантуу менен жетишкен.

«ШЫРДАКБЕК» тууралуу

Шырдакбектин Боз жоргосу жана анын сулуу аялы тууралуу айтылган уламыш, аңыз-аңгемелерди Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан, Кытай республикасында жашаган кыргыздардын арасынан да учуратууга болот. Калкка кеңири тарап, түндүк, түштүк аймагынан кара сөз жана ыр түрүндө да катталган.

«БОСТОН» тууралуу

Элдик оозеки чыгармаларда көп учурларда окуя негизги бир каармандын тегерегинде өнүгүп, анын иштери, эрдиктери айрыкча бөтөнчөлөнүп көрүнүп турат. Ошондуктан чыгарманын темасы да, мазмуну да башкы каармандардын образы аркылуу чечилет. «Бостон» эпосундагы башкы каармандын иштеринин логикалык жыйынтыгы элдер арасында тынчтыкты, достукту орнотуу, гуманизм идеяларына барып такалат.

АЙТЫМДАР

Тарыхый эмгектерде байыркы калк деп тастыкталгаи кыргыз элинин жашоосунда фольклордук чыгарма эң жогорку орунда турган. Каранайым эл жараткан фольклордук чыгарма элдин жашоо-тиричилиги менен тыкыс байланышып, табияттьш бирде катаал, бирде мээрим таасирине баш ийип жараткан жалгыздан ырайым тилеп жардам күткөнүнөн кабар берет. Алгачкы коом мезгилинен баштап жаралган көркөм чыгармалар жашоо үчүн зарылчылыктан келип чыккан. Өзүнүн маанисин жоготпой элдин турмушу… Калганын окуу »

АЙТЫШ ЫРЛАРЫ

Айтыш ырлары — кыйла мезгилди кучагына алган, бизге белгисиз замандардан бери карай жашан келе жаткан жана эл арасына кеңири тараган жанр. Айтыш эки же андан көп адамдын катышуусу менен аткарылат. Мына ушундан эле эки кишинин бетме-бет чыкканын, бир-бирин жеңүү үчүн сынашканын байкайбыз. Айтыштын өзү негизинен чечендикти сыноого байланыштуу келип чыккан түр.

АРМАН ЫРЛАРЫ

Кыргыз элинин оозеки поэзиясында лирикалык чыгармалардын алган орду чоң. Адам жан-дүйнөсүнүн түйшөлүүсүн, кайгы-капага түшкөн мун-зарлуу учурлардагы алахыбалдарын чагылдырган лирикалык чыгармалардын бир түрү — арман ырлары. Жаратылыштагы жарык-караңгы, ысык-суук сыяктуу контраст көрүнүштөрдөй, адам турмушу да кубаныч-шаттык, өксүк-армандар менен коштолуп, эриш-аркак жүрүп олтурат. Ансыз (карама-каршылыксыз) өсүү да жок. Ушул түшүнүктөн алганда көркөм чыгарманын мейли оозеки түрүндө, мейли жазма түрүндө болсун арман… Калганын окуу »

БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ

Балдар фольклору элдик оозеки чыгармачылыктын өсүү жолун, генетикасын изилдөөдө бирден бир маанилүү булактардан болуп эсептелет. Ар бир фольклордук чыгарма өзүнүн пайда болуу жана өсүү жолунда ошол элдин улуттук көз карашын, географиялык аймагын, жашоо шартьш, салт-санаасын, маданиятын чагылдырат. Кандай гана жанр болбосун көлөмүнө, чагылдыруу, баяндоо процессинин өзгөчөлүгүнө карабастан, өзүнчө бир бүтүн ойго, философиялык жыйынтыкка ээ. Фольклордогу бай образдар, тема,… Калганын окуу »

БАЛДАРГА АРНАЛГАН САЛТ ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

Балага карата сый-урмат, таазим кылуу ар бир элдин өзгөчөлүгүнө жараша болсо да, жалпылыгы бар, ал — адамзат баласы үчүн жакшы Адамды тарбиялоо. Дүйнө элдериндеги наристеге жасала турган камкордуктардын, салт-санаалардын, ырым-жырымдардын, ишенимдердин көп түрдүүлүгүнүн түпкү мааниси турмуш-тиричиликте, жашоо-өмүрдө баланын ролу зор экендигин көрсөтүп турат.