ЛЕГЕНДА

Легенда насаатчылык мүнөзгө ээ болуу менен бирге фантастикалык жана диний элементтерди мазмунуна тереңирээк сиңирип, ошол атрибуттар аркылуу жанрдык табиятын түзгөн эпикалуу фольклордук прозалык форма. Легенда кадимки адамдар менен катар бир катар демонологиялык образдарды, персонаждарды, айталы, шайтан, олуя, пайгамбар, атүгүл кудайларды чагылдырган жанр. Легенданын спецификалык өзгөчөлүгүнө, образдык системасынын мүнөзүнө, сюжеттик мотивине, мазмунуна карап, коомдук түзүлүштүн бир кыйла кийинки тепкичинде,… Калганын окуу »

МАКАЛ, ЛАКАПТАР

Абалтадан бүгүнгө карай эчен бир кылымдарды кыйырлап келаткан адамдардын жашоо-тиричилигинин барк-баасы, өйдө-ылдый, ак-карасы, ийгиликтери менен кенемтелери, эрдиктери менен эссиздиктери иш жүзүндө тангыстай таасын таразаланып, келечекки муундарга үлгү болуп калчудай насаатталып учкул тизмектелген айтымдар — макал, лакаптар. Макал, лакаптар көбүнчө бир, же жупташкан эки саптан, эгер насыят, терме ырлардан алынып санатталып айтылган макалдар болсо үч-төрт, кээде андан да көп… Калганын окуу »

МИФ ЖАНА УЛАМЫШ

Илимде мифке берилген аныктама бир топ. Эгер ошол аныктамаларды жалпы жонунан жыйынтыктай турган болсок, негизги мазмуну жана багыты байыркы адамдардын жаратылыш дүйнөсүн, өздерүн курчап турган айлана чөйрөнү, табият кубулуштарын, анын өзгөрүү закондорун түшүнүүгө жасаган алгачкы ой жүгүртүү-кыялданууларын, аракеттенүүлөрүн чагылдырып турат. Кыскасы, миф жаратылыштагы кубулуштарды, турмуштук көрүнүштү кыялый образ менен сүрөттөп*, адам менен коомдун карым-катышын өз жанрдык мүмкүнчүлүгүнө карата… Калганын окуу »

САНАТ, НАСЫЯТ ЫРЛАРЫ

Санат, насыяттар лирикалык жанрдын түрүнө кирет, башка ушул жанрга кирген түрлөрүнөн (дин, сүйүү, балдар, эмгек, арман, кошок ырларынан) санат насыят ырлары философиялык ой жүгүртүүлөр менен айырмаланып турат, бул ырларда нускалык (дидактика) үгүт, үлгү ойлор күчтүү жана кеңири берилет.

СҮЙҮҮ ЫРЛАРЫ

Сүйүү ырлары жалпы элге кеңири тарап, абдан чоң популярдуулукка жетишкен жанр. Ошону менен катар ал узак убакыттан бери элдик сезимдин назик ыргактарынын натыйжасы катары жашап келе жатат. Сүйүү ырлары адамдардын түздөн түз ички сезимдеринин продуктысы экендиги аны элдин тарыхый социалдык коомдук турмушу менен бирдикте кароого тоскоолдук кылбайт.

ТАБЫШМАКТАР

Кыргыз элинин бай фольклорунун бир бөлүгүнө табышмак жанры кирет, эң байыркылыгы менен бирге, ал бүгүнкү күндө да езүнүн дидактикалык ролун, эстетикалык таануусун жоготкон жок. Ошондуктан элдик фольклордук байытуунун бир үлүшү табышмак жанрына таандык.

ТАМСИЛДЕР

Тамсил — оозеки адабий искусствобуздун ичинде башка жанрлар менен жанаша жашап, тыгыз байланышта болуп, элдин рухий байлыгын канагаттандырып келген жанрдын түрү. Башка оозеки жанрларга салыштырмалуу өнүгүүнүн кийинки этаптарында калыптанган менен, мурда эле өзөгү болуп келгени белгилүү. Убагында өзүнчө жанр катарында ажырымдалып келбегенинин өзүнүн жүйөлүү себептери бар.

ТАРЫХЫЙ ЫРЛАР

Тарыхый ырлардын эң башкы темасы эл-жерди коргоо болуп эсептелет. Башкы каарман эл башына түшкөн кыйынчылыкты жан дүйнөсү менен кабыл алып «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген адамдык милдетин абийирдүүлүк менен аткарат. Тарыхый ырларда мамлекеттин тарыхы чагылдырылып, ошол тарыхый окуяларга карата болгон элдин көз карашы берилет. Тарыхый адамдарга арналган ырларда ошол мезгилде болуп өткөн орчундуу окуялар, ошол тарыхый… Калганын окуу »

ТЕРМЕ ЫРЛАР

Терме ырлар адамдын аң-сезиминде чагылган, турмушта таразаланган, баамга урунган бардык көрүнүштөрдүн, салт, нускалардын терип, тепчилип, термеленип ырга салынышы, «Терме» деген аталыш ошондон келип чыккан. Терме ырлар адамдарга, айрыкча жаштарга насааттуу келип, дидактикалык чыгармалардын катарына кирип, санат-насыят, үлгү ырларынын бир бутагын түзөт. 

ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТ САЛТЫ

Ар бир элдин каада-салты, үрп-адаттары жана ырымжырымдары бар. Каада-салт, үрп-адаттар нечен кылымдардын жана муундардын традициялык көрүнүшү болуп саналат. Коомдун прогресси жана элдин психологиялык менталитетинин эволюциясы кайсы элдин болбосун традицияларына өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды алып келет. Каада-салт, үрп-адаттар ар бир элдин басып өткөн тарыхы, анын аң сезими менен тыгыз байланыштуу. Ошону менен бирге коңшу жашаган элдердин да бири-бирине таасир этүүсү мыйзамченемдүү.