КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН ЗАМАНДЫН XI—XII КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ КАРАХАНДАР ДООРУНДА        

X кылымдын акырында Кыргызстандын аймагында өзүнүн бийлигин бүт Орто Азияга тараткан жаңы династия пайда болот. Карахандардын саясый тарыхы ушул кезге чейин толук маалым эмес. Алсак, мисалы, династиянын хандарынын башкарган мезгилдеринин толук даталары жок. Ушул күнгө чейин карахандар династиясы кайсы уруудан чыкканы да белгисиз. Сыягы, карахандар династиясын ягма уруусунун башчысы негиздесе керек. Карахандар династиясын тогуз-огуз-уйгурлар негиздеген деген эски гипотезаны… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН УСУН УРУУЛАР СОЮЗУ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИН        

Кыргызстандын аймагындагы байыркы доорлорду археологиялык жактан изилдеп-үйрөнүүнүн начардыгы анын эң байыркы мезгилдерден биздин заманга чейинки тарыхын ырааттуу түрдө чагылдырууга мүмкүндүк бербей отурат. Илимде ушул күнгө чейин Кыргызстандын аймагындагы таш доору боюнча маалыматтар жок. Бирок мындай табылгалардын жоктугу Тянь-Шанда эң эле байыркы доордо, а мүмкүн орто палеолит доорунда калк жашаган деп божомолдоону жокко чыгарбайт. Мунун далили катарында Кыргызстандын аймагына… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА БИЗДИН ЗАМАНДЫН IХ-Х КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ ФЕОДАЛДЫК МАМИЛЕЛЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ        

Кыргызстандын IX—X кк. саясый тарыхы дээрлик таптакыр белгисиз. 766-ж. карлуктар Чүй өрөөнүн басып алып, өлкөнүн толук бийликтүү кожоюну болуп калганда мында мурдагыдай эле көп сандаган көчмөн түрк калкы жана иран тилдүү калктын согдулук оторлору бар болучу. Кытайлар да, ошондой эле сириялыктар-христиандар да бар болушу мүмкүн. 751-ж. арап аскерлери кытай аскерлерин жеңгенден кийин Жети-Суу урууларынын саясый багытынын жаңы доору… Калганын окуу »

ОРТО АЗИЯНЫН СОВЕТТИК АРХЕОЛОГИЯСЫ        

Октябрга чейинки орто азиялык археологиянын өзгөчөлүгү анын тарыхый-маданый багытта болгонунда. Орто Азияны изилдеп-үйрөнүүдө жазма булактарда эң бай фондунун бар болушу жана алардын эң ири чыгыштаануучу В. В. Бартольддун эмгектери аркылуу илимий айлампага киришинин натыйжасында археологиялык эмгектерге караганда тарыхый эмгектер басымдуулук кылып келди. Орто Азиянын археология илиминин тарыхына кыска гана көз жүгүртүп өтүү анын өнүгүшүндө октябрга чейинки эки ири… Калганын окуу »

ПАМИР САКТАРЫ

Памирдин археологиялык эстеликтери али начар изилденген. Жазма булактардын маалыматтарынын бир кыйла толук жыйнагы орус окумуштуулары — И. Минаевге жана Н. Аристовго таандык. О. Олуфсен менен А. Стайндын Памирди археологиялык жактан изилдөөлөрү илимди Батыш Памирдин, көпчүлүгүндө Вахан (Ка’ахка, Замрташ-и-параст ж.б.) боюнча айрым сепилдер менен тааныштырды. Чыгыш Памирде, а түгүл Алайда да А.Стайн байыркылардын эстеликтерин көргөн эмес жана алыскы өткөн… Калганын окуу »

ТЯН-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ ХVIII-XIX КЫЛЫМДАРДА

Ойроттор Енисейден алып кеткен кыргыздардын кийин кайда жашашканы жөнүндө так маалыматтар жок. 1746-ж. Усть-Каменогорскиге келишкен «кыргыз-калмактардын» айтканы боюнча аларды «Ургага көчүрүшкөн» жана ал жерде жүргүзүп турган хун-тайчжи Галдан-Цэрэнге (1727— 1745) салык төлөп турушкан. «Урга» дегени хун-тайчжинин Илеге жакын жерге жайгашкан ордосун билдирген. Ошентип, Енисейден алынып кеткен кыргыздар өздөрүнүн Тянь-Шандагы туугандарына жапжакын келишкен, бирок алардын бири-биринен кабар алышканы жана… Калганын окуу »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ЖЕТИ-СУУНУН БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАР МЕЗГИЛДЕРИНДЕГИ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУ

Борбордук Тянь-Шандын эстеликтерин талдап чыгуу Тянь-Шандын көчмөндөрү өздөрүнүн саясый, маданий жана экономикалык турмушунда, баарынан мурда, Чүй өрөөнү менен, кененирээк Жети-Суу жана Фергана менен тыгыз байланышта турганын көрсөттү. Жети-Сууну, Талас жана Чу өрөөндөрүн системалуу изилдөөлөр жана алардын биз тараптан атайын эки басылмада жыйынтыкталышы азыр бизге бул райондордун өнүгүшүндө Жети-Суу менен Тянь-Шандын көчмөн урууларынын ролу жөнүндөгү маселени коюуга мүмкүндүк берип… Калганын окуу »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ПАМИР-АЛАЙДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫ

Орто Азиянын тарыхын изилдеп-үйрөнүүдө орус илими биринчи орунда турат. В. Бартольд орто азиялык элдерди тарыхый жактан изилдеп үйрөнүүгө негиз салгандан бери жарым кылымдан көбүрөөк убакыт өттү. Анын биринчи илимий сапары Жети-Суу менен Тянь-Шанда болгон, ал өзүнүн бүткүл өмүрүндө бул аймакка көп жолу кайрылган болсо да, анын тарыхы кийин В. Бартольддун илимий кызыкчылыктарынын борборунда турган эмес.

ТЯНЬ-ШАНДЫН ТАРЫХЫЙ ТОПОГРАФИЯСЫ

1944, 1945 жана 1947-жылдардагы иштер объективдүү себептерден улам бизге бир кыйла фундаменталдуу корутундуга келүү үчүн мүмкүндүк бере турган ири көлөмдөгү казуулар менен аяктаган эмес. Ошондой болсо да чогулган материалдар тарыхый жагдайдагы айрым бир маселелерди коюу үчүн жетишерлик деп айтсак болот, азыр биз ошол маселелерге токтолмокчубуз. Бул баарынан мурда, Шырдакбек чеби жана анын тарыхый аты жөнүндөгү маселе.

УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ. IX — X КК.

Кыргыздардын Моңголияны жеңип алышы Орто Азия тарыхында басып алуу кыймылы батыштан чыгышты көздөй багытталган сейрек учур болуп саналат, анткени бардык басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй жүрчү. Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу «Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн»;… Калганын окуу »