МОГОЛСТАН

1348-ж. эмир Пуладчи Куллса аймагынан Музарт ашуусу аркылуу он сегиз жашар ханзаада Туклук-Тимурду Ак-Сууга алып келип, аны Туванын небереси деп жарыялаган жана баарысын аны хан деп таанууга мажбурлаган. Башта Туклук-Тимурду моңгол эмирлеринин биринин уулу деп эсептешкен; эми анын энеси Туванын уулу Эмил-кожонун аялы болгон, ханзаада өлгөндө боюнда калган жана Туклук-Тимурду экинчи күйөөсүнүн үйүндө төрөгөн деп жарыяланган. Андыктан аны… Калганын окуу »

ТҮРКТӨР

VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Или-хан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле,… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭТНИКАЛЫК ТАРЫХЫ

Кыргыз элинин пайда болушу жөнүндөгү проблема Борбордук Азиянын этникалык тарыхынын көбүрөөк татаал жана талаш-тартышуу жактарына кирет. XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап бул проблема орус, батыш европалык, чыгыш тарыхчыларынын, географтарынын жана хронисттеринин көңүлүн өзүнө бекем тартып келген. Кыргыздардын пайда болушу жөнүндө гипотезалар биринин артынан бири пайда болуп, ой жоруулар жана божомолдоолор айтылып, алардын этникалык тарыхынын ар түрдүү жактары изилденип… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЧАРБАЛЫК УКЛАДЫ

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДЫЙКАНЧЫЛЫГЫ

 Кыргыздардын чарбачылыгы бир беткей өнүккөн эмес. Кыргыздардын малчылыгы дыйканчылык, анан анча-мынчалап аңчылык кылуу менен да айкалыштырылган, чындыгында ал комплекстүү мүнөздө болгон. Анткен менен кыргыздардын ар түрдүү топторунун чарбачылык багыт алуусу бирдей болгон эмес.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АҢЧЫЛЫГЫ

Байыркы мезгилдерде эле кыргыздардын ата-бабаларынын негизги кесиптеринин бири болуп келген аңчылык XIX кылымдын башталышында деле кыргыздардын эмгекчи чарбаларында кыйла жөлөк-таяк болгон тармак бойдон кала берген. Элдик оозеки чыгармаларда жана аңыз кептерде мергенчилер айрым учурларда кедей айылдарды жана чакан жамааттарды эт менен жан сактатып келишкендиги жөнүндөгү эскерүүлөр сакталып калган.

КЫРГЫЗ УЛАМЫШТАРЫНДАГЫ ФОЛЬКЛОРДУК МОТИВДЕР

 Өзүнүн негизинде тигил же бул уруунун, же уруулардын тобунун, же бүтүндөй бир элдин генеалогиясын камтыган элдик уламыштар фольклордукэтнографиялык иликтөөлөр үчүн бай материалды бере алат. А. Н. Бернштам туура белгилегендей, генеалогия «тарыхтын алда канча стабилдүү булактарынын бири». Бул жобо өз учурунда С. П. Толстовдун түркмөндөрдөгү дуалдык уюм жөнүндөгү изилдөөсүндө эң сонун ачылып көрсөтүлгөн.

ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

Этникалык кыргыздардын бир бөлүгү асман тиреген Памир тоолорунун Ооганстанга караган чегинде жашашат. Алардын биринчи тобу Кичи Памирде (алар өздөрү «Кичик Паамыл” деп аташат), ал эми экинчи тобу Чоң Памир (Зор Паамыл) деген аймакта орун алган. Ал аймактар түндүгүнөн Тажикстан, түштүгүнөн Пакистан, чыгышынан Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном району, батышынан Ооганстандын башка оодандары менен чектешет. Кыргыздар жашаган айылдар Вакан өрөөнүнүн жогорку… Калганын окуу »

ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫК ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫ ЦИНДИК БИЙЛИКТЕРДИН УЛУТТУК ЭЗҮҮСҮНҮН КҮЧӨШҮ. ЖААҢГЕР КОЖОНУН (ЖАХАНГИР) КЫЙМЫЛЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАР. СУРАНЧ

Цин империясынын үстөмдүгүнүн орношу. Жергиликтүү калктын каршылыгы. Жергиликтүү элди башкаруу системасы. Таранчы. XVIII к. 50—60-жж. кыргыз-кытай мамилелери. Зия ад-Диндин көтөрүлүшү жана ага кыргыздардын катышуусу. «Суранчы бийдин (буруттун) козголону». Жааңгер кожого алайлык кыргыздардын колдоо көрсөтүшү. Нарындык кыргыздардын кыймылга катышуусу. Атантай. Тайлак баатыр. Элдик кыймылдын женилиши, анын себептери жана мааниси.