ЖАРАНДЫК УКУК

Жарандык укук жана жарандык укук мамилелеринин катышуучулары. Укуктун бул тармагын маанилүүлүгү боюнча экинчи конституция деп коюшат. Анткени, жарандык укук жашоодо боло турган көптөгөн мамилелерди жөнгө салат. Кандай гана адам болбосун, бул укуктун катышуучусу болот жана андан четтеп кетүү мүмкүн эмес.

ЖАЗЫК УКУГУ

Кылмыш деген эмне?   Кылмыштардын түрлөрү. Инсанга каршы кылмыштар. Мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар. Жаза жана анын максаты. Айып төлөм. Үч айып.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК. БИЙЛИКТИ БӨЛҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 3-4-пункттарында Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы, эл өз бийлигин түздөнтүз, ошондой эле мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт деп көрсөтүлгөн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, укуктук, унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Республикабыздын негизинин бул башкы аныктамасын кандай деп түшүнүү керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК

Кыргыз республикасы түзүлгөнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу түшүнүк Кыргыз улуттук мамлекетинин калыптанышы жана түзүлүшү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы болуп эсептелет. «Конституция» деген сөз латынча «сonstitution (орнотуу, түзүлүш) деген сөздөн келип чыккан. Конституция негизги мыйзам катары адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын укуктарын жана милдеттерин, мамлекеттин түзүлүш формасын, мамлекеттик органдардын тутумун белгилеп, аларды түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.

НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ, АТА-ЭНЕ ЖАНА БАЛА

Үй-бүлөнүн коом үчүн, мамлекет үчүн мааниси чоң. Үйбүлө канчалык бекем болсо, балдарга тарбияны жакшы берсе, коом дагы бекем, туруктуу болуп, натыйжада мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Республикабыздын башкы мыйзамында үй-бүлө, ата, эне, балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынып, мыйзам тарабынан артыкча корголууга алынары бекеринен белгиленген эмес.