Monthly Archives: Октябрь 2017

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫ

Кыргыз элинин калыптануу процесси өтө татаал жана эки миң жылдан ашуун убакытка созулган. Кыргыз эли этнос болуп калыптангандан бери тарыхтын татаал жолунан басып өтсө да, улут катары өзүнчө өзгөчөлүктөрүн сактап, бүгүнкү күндө өз маданиятына, руханий байлыгына ээ көз карандысыз эгемендүү мамлекетке айланды.

Өзгөчөлүктөр дегенибиз эле ошол улуттун тили, дини, каада-салты эмеспи. Башка элдерден кыргыздар бай маданий мурасы жана өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз илгертен өзүнүн турмуштук түшүнүктөрүн, дүйнө таанымын билдирген элдик каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдарды жаратты. Бирок эгемендүүлүккө ээ болгонго чейин учурунда айрым саясий көз караштардын таасирине кабылып, бир топ өзгөрүүлөргө, жаңыланууга дуушар болду. Continue reading

ЧАЧПАПИК

«Эңкейсе эрке чайпалган, күбөңдү сагындым» (Аалы).

Бул — азем буюмунун бир түрү. Бапик анын коюу төкмө чачыларынан улам айтылат. Чолпунун бир түрү. «Күбөк» деп да аталат. Ал да кол жеткиздей кооз жасалат. Күбөктү кармоонун өзүнчө таасын ыкмасы бар. Чачта анын өтө эле келишимдүү көрүнө турган кооздуктары өзү эле баамдалат. Бул азем буюм Талас, Кетмен-Төбө, Ала-Бука, Чаткал, Аксы тараптагы жашаган элдерде көп кездешет. Күбөктүн күмүштөн болгон түрү конустай, же көмкөрүлгөн калпакчадай көрүнөт да, мунун бетине чийим түшөт. Ага сөзсүз себет жугузат. Ал оюмдар «карга тырмактанат» «кыялданып» кетет. Кебезден, жүндөн ийрилген жип чыйрак чыйратылып, челденип, топ чачыланып, зердин көңдөйүнө бекитилет. Анын сыртынан шуруларды, мончокторду сеңселтип коюуга болот.

ЧАЧКАП

«Чачкап таккан чачыңан.
Үргүлөйүн ай тамак» (эл ыры).

Бул — азем буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма көчөтү сымал алмаша чегеленет. Чач кептин учу төкмө чачыланат. Анан бой тумар сыяктуу төрт чарчы чач кептин туура эниндей күмүш тактача кадалат. Анын бети оймо-чиймеленип кетет. Андан өйдө көркөм калыптан чыккан, же кайчыланып жасалган жука жана майда шөкөттөр үч-төрт катар аземделе чөгөрүлөт. Чач кептин башына кайрадан жазы тактача күмүштөр бекитилет да, анын өзүнчө кооздугу бар. Орточо чачкаптын узундугу — 40—50 см дей, туурасы 15 см дей келет да, «аркалык» деп күмүштөн чабылган көркөмдүктү аягына тагат. Анын өйдө жагы төрт каттала узунунан шуруланат. Андан өйдөсүнө чегеленген («чеге» деген «чегелөө» дегенден чыккан) кооздук менен седептер орун алат да, өйдө жагы чачка тагылат. Чач каптын үч чогунун узундугу беш см дей келип, шурулана чачыланат.

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда,
Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы).

Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен да жасалат. Анын болжолдуу узундугу 2—2,5 м, туурасы 1,8 метрдей келет. Супанын кабелтең төрт кыр, же жумуру буту болот. Эки башы кереге көздөнүп, бул чебер муунактала кырылып, өзүнчө кооз көрүнөт.

Чарпая тактайланат, үстүнө килем, шалча, шырдак, төшөк салынат. Бул Түштүк Кыргызстанда үймө-үй бар. Чарбактын ичинде бирден-экиден чарпая күткөндөр көп. Алардын көркөмдүгү ар кандай көрүнөт.

ЧАПКЫЛОО

ЧАПКЫЛОО — Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине даана чаба билүүсү менен буюмдарга кайталангыс кооздук берилет.

Ар бир аспабын жасоодо зергер өзүнүн жекече «кыял чабыттарын» негиз кылып алат. «Айыш чапкы» деген ошол зер буюмга «жээк» салат. Оюм-чийимдин кичине чоңуна карата «ат туяк», «тай туяк» деген чапкылар колдонулат. Учун беш кыр кылып чыгарган, кичине — чоң мыктан жасаган «жылдызча» өңдүү чапкы буюмдун түрлөрүн асемдүү кылат. «Чаар чапкы» оюм-чийимдин тегерегине көп чекит түшүрөт. «Чуңкур такта», «тоок көз» андан да майда «чымчык көз» өңдүү чапкылардын өзүлөрүнүн өз алдынча, бири-бирин кайталагыс кооздук берүүчү бөтөнчөлүктөрү бар. Зергердин «кар чапкы» дегени чилдеде кымкарлап жааган кардын кандайдыр жылдыз кейиптенип кеткенин элестетет. «Кайчы кулак», «кыял ачаке» чапкыларынын түшүргөн кооздуктары адамды суктантат.

Чеберлерде үч бурчтуулук менен ар кандай түр бере турган аспаптардан он чактайы болот. Кээде бир эле буюмга бул чапкылардын баарын жаземдебей колдонууга туура келет.

ЧАПАН

«Туугандыгын билгизип,
Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас»)

(«Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет. Чапандын ичи-сыртын бирдей шырыйт. Элибизде каптама чапан мүнөздүү болгон. Кийим мында кенен бычылат да, ичи шырылган, сырты капталган. Албетте, чапанды бычып тигүүдө жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат.

ЧАМГАРАК

ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн коюлат. Жалпы алганда Баскак кандайдыр көркөм оюм түспөлүндө берилет. Муну усталар кол жеткистей кармоодо.

ЧАКЧА (НАСКАБАК)

«Чалдар да жыргап ал кезде,
Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда).

Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну көбүнчө Түштүк Кыргызстандын журтчулугу арбын колдонушат. Чеберлер чакчаны жасоодо адегенде жердигин тандашкан. Буюм негизинен төрт бөлүмдөн турат. Чакчанын эки капталынан бирөө жазыраак, экинчиси кичирээк алынат да, аларды өзүнүн мүйүздөн же жыгачтан жасалган жатагына коюп, эки бөйрөгүн чыгарып туруп, ичинен бири-бирине жиксиз бириктирет. Айрым зергерлер алардын бөлүктөрүн ичтен кабыштырууда ыро колдонушат. Коргошун менен кепшердейт. Чакчаны моюнунун оозуна кайрыла коюлуучу жери «чакчанын курбусу» деп аталат. Анын оозу менен моюну гана данакерленип, тыгыны чачыланат да, күмүш, жез, калай, мис аркылуу чүкүрттөлөт. Чакчанын эки жак беттерине «чапкылоо ыкмасы» аркылуу чапкылар менен түшүрүлүүчү оюм-чийимдер негизинен «мүйүзчөлөнүп», ич ара «табакчаланып», «куш тырмактанып», «жарым кыялданып», кудум шырдак оюмдары сымалданып кетет. Чакчанын бөлүктөрүн ичинен жиксиз бириктирүүдө зергерлердин жекече ыкмаларынын жашыруун сырларын өзүлөрү гана билишкен.

ЧАВАДАН

ЧАВАДАН — Жаздыктын алдынан башка жаздалуучу, жүккө жыюуда өзүнчө көрк ыроолочу сеп катары кызга берилүүчү килемче. Анын калган бөлүгү бөздөн, таардан тышталып, ичинде кебез же саман салынган. Ал кадимки жаздыктык милдет аткарат. Болжолдо орточо чавадандын узунуна — «эришине» 150 тал жип кетет да, анын каттай чыйратылган жоондугу бир мм дей эчкинин кылтагынан аркагы болот. Муну эки метрдей кылып куруп согот, Аны согуу килемдей келет. Эриш-аркагына эки кило, жүлүнө 1,5 килодой — ошондо орточо 3,5 килодой жүн-кылтак кетет.

Чаваданды соккондо эки четине «тумарча» үчүн 14тал (7 + 7) жип сарпталат. Анын ичине «ала мончок» келтирилет. Анан «кош кайкалак көчөтү» менен «жылдызча көчөтү» түшүрүлөт. Ортосуна «чоң тумарча көчөтү» келсе, негизинен анда «үч жылдызча», «алты коргончосу» болот. Бул токулганда узуну 90 см ге барабар. Ага да кызыл, ак, көк, сары, күрөң өңдөр ич ара жупташат.