Monthly Archives: Март 2020

ПАРАДИГМА

ПАРАДИГМА (гр. paradeigma)– саясий реалдуулукту чагылдырган ыкмалар жана маалымат берүүчү принциптердин  жыйындысы. Социалдык кубулуштардын берилген тобун түшүндүрүү модели. Бул же тигил П-ны иштеп чыгуу жолу  менен изилдөөдө саясий кубулуштарды түшүнүүнүн баштапкы критерийлери, көрсөтмөлөр, ага ылайык фактылардын  жыйыны жана интерпретациясы, маалыматты жалпылаштыруу жана системага келтирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. П.  термини ХХ к. 20-жылдарында америкалык философ жана тарыхчы Кун тарабынан киргизилген. Мезгилдин өтүшү  менен бул термин илимдин бардык тармактарына кеңири жайылган. Саясий турмуштун өнүгүү жолдорун жана  түзүлүшүн түрдүү концептуалдык түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылуу менен бирге саясат таануу –  мультипарадигмалык илим катары чыгат. Анын эволюциясы – өз ара жашоонун маңызы, П-нын жаңырышы жана  алмашышы. Көп П-нын арасынан негизгилери бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Алар саясаттын табигый булактарын  түшүндүрүүдө диний философиялык, социологиялык жана жалпы илимий ыкмаларды пайдалангандыгын көрсөтөт.

Саясатты түшүнүүнүн биринен-бири айырмаланган критерийлеринин мүнөзүнө жараша жеке концепциялардын жана Пдын ылайык келген класстары калыптанат. Саясатты интерпретациялоо үчүн табигый, коомдук жана ички саясий  факторлорду колдонуу көз карашынан теологиялык, натуралисттик, социалдык жана рационалдык сындоо П-ын бөлүп  чыгууга болот. Теологиялык П. бийликтин табияттан тышкаркы жана провиденциалдык түшүндүрүлүүсү менен  мүнөздөлөт. Натуралисттик П. геосаясий, биосаясий, психологизатордук ыкмаларды чагылдырат. Социалдык П.  саясаттын булагы катары укук, морал, экономика, маданият жана башка коомдук кубулуштарды көрөт. Рационалдык  сындоо П. саясаттын пайдубалы деп бийликтин институттарын, элитаны, конфликттерди жана башка саясий  кубулуштарды мүнөздөйт. Булардан тышкары саясий илимде ондогон П-лар бар.

ПАБЛИК РИЛЕЙШНЗ

«ПАБЛИК РИЛЕЙШНЗ» (англ. рublic relations – көпчүлүк менен келишүү) – тенденцияларды анализдөө, алардын  натыйжасын алдын-ала айтып берүү, уюмдардын жетекчилерине сунуш кылуу жана коомдун кызыкчылыгына жараша  иш-аракеттердин программасын ишке ашыруучу искусство жана илим. «П. р-дин» максаты – жалпы ой-пикирлерди жана  жалпы кызыкчылыктарды табуу, билимге жана кеңири маалымдуулукка негизделген өз ара түшүнүүгө жетишүү үчүн эки  тараптык мамилени орнотуу, ишенич атмосферасын түзүү. «П. р.» мамлекеттик башкаруу ишмердүүлүгүнүн башкы  курама бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле алар башкаруучу жана башкарылуучу кичи системаларын түзгөн  адамдардын ортосундагы контакт түзүүнү жана алардын функцияларын иш жүзүнө аткарууну камсыз кылышат. «П. Рдин» ар бир программасынын башкы милдеттери төмөнкүлөр: байланыш каналдарын жакшыртуу, кабарлоо жана  түшүнүүнүн эки тараптуу – агымын түзүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу; уюмдардын жетекчилерин коомдук ойпикир тууралуу маалымат менен камсыз кылуу; жооп ирээтиндеги иш-чараларды иштеп чыгууда аларга жардам  көрсөтүү; коомчулуктун кызыкчылыгына жетектөөчү ишмердүүлүктү камсыз кылуу, аны алдын-ала көрө билүү жолу  аркылуу түрдүү өзгөрүүлөргө даяр абалында колдоо; массалык маалымат каражаттары менен иштөө; уюмдун кадырбаркын ырастоо. «П. р». тармагындагы адис билимин жана шыгын төмөнкү чөйрөлөрдө колдонушу керек: мыйзамдын  негизинде адамдын жүрүм-турумуна кеңеш берүү; мүмкүн болгон тенденцияларды табуу жана алардын натыйжасын  алдын-ала айтып берүү; конфликттердин жана түшүнбөөчүлүктөрдүн өсүшүнө жол бербөө; өз ара сыйлоо жана  социалдык жоопкерчиликтин калыптанышына жардам берүү; жеке жана коомдук кызыкчылыктарды гармониялаштыруу;  өндүрүш мамилелерин жакшыртуу; квалификациялуу жумушчуларды ишке тартуу; өздүк кадыр-баркты түзүү, «П. р».  кызматынын кызматкерлери жүргүзүп жаткан саясатты гана эмес, керек учурда билгичтик менен аны түшүндүрүү  мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо, бул же тигил чечимдин кабыл алынышынын себептерин да түшүнүүсү зарыл.

«П. р».  боюнча адис жетекчинин кеңешчисинин ролуна жана ага жеке максат жана милдеттерди коомчулук кабыл ала турган,  акылга сыярлык саясатка өткөрүүгө жардам бере турган кеңешчи катары да чыга алат. «П. р». кызматынын жетекчилери:  «П. р». суроолору боюнча директор, маалымат кызматынын жетекчиси; «П. р». суроолору боюнча кеңешчи; коомдук  мамилелердин суроолору боюнча директор, үгүттөө бөлүмүнөн башчысы. «П. р». өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) уюм  жана бул уюм менен контактка киргендердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртуучу нерсенин баары; 2) уюмдун  «коомдун жүзүн» түзүү боюнча сунуштан; 3) төшөнбөөчүлүктөн булагы болгон кабарларды табуу жана  нейтралдаштырууга багытталган иш-аракеттер; 4) үгүтөөнүн, рекламанын, көрсөтмөнүн, видео жана кинозалдардын  ылайык келген каражаттарынын жардамы менен уюмдардын таасир көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган ишчаралар; 5) уюмдардын жана адамдардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган бардык аракеттер ж. б.

ӨНҮГҮП КЕЛЕАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ

ӨНҮГҮП КЕЛЕАТКАН ӨЛКӨ-ЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ анын ичинде, тышкы карыздарынын жалпы жыйындысы,  1986-ж. карата карыздардын суммасы 1 трлн. доллардан ашкан. Бүгүнкү күнгө бул сумма алда канча көп экени шексиз  жана ал күн санап өсүп көбөйүү тенденциясына ээ. Карыз болуу өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс  таасирин тийгизип, кризистен чыгууга тоскоолдук кылат. Карыздардын 40%ке жакыны Латын Америкасы өлкөлөрүнө  туура келет (Бразилия Мексика, Аргентина ж. б). Африка өлкөлөрүнүн ичинен эң көп карыз болгондор: Алжир, Нигерия,  Азияда – Индонезия, Филиппины ж. б. СССР жоюлгандан кийинки мезгилдерде мурунку союздук республикалардын  тышкы карыздары өтө тездик менен өсүүдө. Анын жыл сайын төлөнүүчү проценттери эле өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдүн экономикасы үчүн оор түйшүк. Орточо эсеп менен карыздарды төлөө жыл сайын улуттук кирешенин,  карыздын көлөмүнө жана жылдык процентине 30–60% сарпталат. Көп учурларда карыз берген өнүккөн өлкөлөр карыз  алган өлкөлөрдүн көз карандысыздыгына шек келтирүүчү саясий-экономикалык шарттарды да коюшат. Мындай  шарттарды аткарган өлкө өзүнүн андан ары өнүгүшүндө өз алдынчалыкты жоготот, экономикалык жактан, демек саясий  жактан да, дайыма көз каранды болуп калат.

 

ӨНҮГҮП КЕЛЕАТКАН ӨЛКӨЛӨР

ӨНҮГҮП КЕЛЕАТКАН ӨЛКӨЛӨР – өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн алдында колониялык же жарым колониялык  абалда болуп келген, бүгүнкү күндө өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен Азия, Африка, Латын  Америкасы жана Океаниядагы өлкөлөрдүн тобу. Бул өлкөлөр эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө өнөр жайы өнүккөн  мамлекеттер үчүн агрардык-чийки заттарды жана эң арзан жумушчу күчүн берип турушкан. Өндүргүч күчтөрдүн  Өнүгүшүнүн салыштырмалуу төмөнкү деңгээли, чарбанын бир жактуулугу, экономиканын көп укладдуулугу, аягына  жеткирилбеген социалдык – экономикалык кайра түзүүлөр эреже катары, Ө. к. ж. ө-гө мүнөздүү. Өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдөн бардыгына жалпы тиешелүү проблемалар төмөнкүлөр: экономикалык өсүүнүн темпин тездетүү; улуттук  экономиканы бекемдөө; айыл-чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу; маданий артта калуучулукту жоюу ж. б. Акыркы  жылдары кедей өлкөлөрдөн «акылдын оошу» күч алууда (Брейн-Дрейн). «Отчёт по человеческому развитию 1994»  билдиргендей 1985–1990-ж. Африкадан 60 миң ортоңку жана жогорку деңгээлдеги менеджерлер чыгып кетишкен. Гана  мамлекетинде 80-ж. башында даярдалган врачтардын 60% өлкөнү таштап кетишкен. Латын Америкасындагы  өлкөлөрдүн университеттерин бүтүрүүчүлөрдүн 20%тен ашыгы эмиграцияда болушкан. СССР жоюлгандан кийин өз  алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен мурунку союздук республикалардын көпчүлүгү өнүгүп келеаткан  өлкөлөр-дүн катарына кошулушту. Алардын арасында Кыргыз Республикасы да бар. Кыргыз Республикасы жалпы  коомдук өнүгүүнүн көптөгөн көрсөткүчтөрү боюнча Ө. к. ж. ө-дүн көпчүлүгүнөн алдыда турат. Бирок, Ө. к. ж. ө-дүн бул  көпчүлүгүнүн көрсөткүчтөрү күн санап өсүп, жакшырып, өнүгүү жолунда болсо, ошол эле учурда бул көр-сөткүчтөр  Кыргыз Республикасында уламдан-улам начарлап, төмөн-дөө жолунда. Эгер бул төмөндөөнү тез арада токтотпосо, анда  Кыргыз Республикасындагы абал начарлап, бүгүнкү күндөгү өзүнүн жетишкендиктерин жана артыкчылыктарын  жоготуп алышы мүмкүн. Өз алдынча өнүгүүгө, өз тагдырын чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүз чечүүгө жетишүү – Ө. к. ж.  ө-дүн элдерин бириктирүүчү негизги тилек болуп калды.

 

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ шайлоо системасы. Анын негизи катары партия үчүн  берилген шайлоочулардын добушу менен добуш алган мандаттардын ортосундагы пропорциялаш принциби алынган.  Бул системада чоң-чоң шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар биринен бир нече депутат шайланат (округдун чоңдугуна  жараша өкүлчүлүктүн мажоритардык системасына караганда Ө. п. с-нын артыкчылыктары даана белгиленет). Ө. п. с-ы  боюнча жүргүзүлгөн шайлоолордо өкүлчүлүк органдарына талапкерлер жалаң гана саясий партиялар тарабынан  көрсөтүлөт (партиялардын ар бири талапкерлердин тизмесин көрсөтүшөт). Ал эми шайлоочу бул же тигил партиянын  тизмеси үчүн добуш берет. Кээде эркин тизменин жардамы менен шайлоочуларга талапкерлерге карата мамилесин  аныктоого мүмкүнчүлүк берилет (б. а. шайлоочулар партиялык тизмеде өзүлөрү каалаган талапкерлердин  фамилиясынын тушуна белги коюшат). Бул же тигил партиянын мандатынын көлөмүн аныктоо үчүн квота белгиленет.  Квота – бул депутатты шайлоо үчүн зарыл добуштардын эң аз саны. Ал ар бир шайлоо округуна өзүнчө же ошондой эле,  бүт өлкө үчүн жалпы болушу да мүмкүн. Ө. п. с. кеңири жайылган. Аны Финляндияда, Швейцарияда, Швецияда,  Норвегияда, Австрияда, Бельгияда, Австралияда ж. б. өлкөлөрдө колдонушат. Айрым өлкөлөрдө (ФРГ, Россия) бул  система өкүлчүлүктүн мажоритардык системасы менен катар аралаш пайдаланылат.

Мажоритардык системага  салыштырганда Ө. п. с. өлкөдөгү партиялык күчтөрдүн накта катышына ылайык түзүлгөн курамдагы борбордук жана  жергиликтүү мекемелерин түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз Республикасында 1995-ж. 5-февралда өткөн Жогорку  Кеңештин депутаттыгына шайлоолор мажоритардык системага көбүрөөк ылайык ыкмада өткөрүлдү. Көптөгөн чет  өлкөлүк жана жергиликтүү официалдуу байкоочулардын пикирлерине караганда, дегеле көпчүлүк шайлоочулардын да,  депутаттыкка өткөн жана ат салышып өтпөй калган талапкерлердин да пикирине караганда шайлоонун мажоритардык  системасы кыргыз салт-санаасына, дегеле кыргыз менталитетине анча туура келбегендей сезилет. Шайлоо өнөктүгү  жүрүп жаткан мезгилдеги, башкасын айтпаганда да, шайлоочулардын уруу-уруктарга, региондорго, улуттарга ж. б.  бөлүнүшү жана добуш берүү учурунда ушундай терс көрүнүштөрдүн үстөмдүк кылышы буга далил. 1994-ж. б-декабрда  уюшулган конституциялык кеңешменин жыйындарында колдоого ээ болгон шайлоонун Ө. п. с. бүгүнкү күндө  коомчулуктун өкүлдөрү, саясий партиялардын жана көптөгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү, тарабынан да мыйзам  чыгаруу демилгеси катары колдоого ээ болууда.

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ (фр. magorite – көпчүлүк) – көп мамлекеттерде (АКШ, Улуу  Британия, Франция ж. б.) пайдалануучу борбордук жана жергиликтүү өкүлчүлүк бийлик органдарын, президентти жана  бир катар жогорку кызмат адамдарын – шайлоодо добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо системасы. Ө. м. с. учурунда  мыйзам тарабынан бекитилген шайлоо округу боюнча добуштардын көбүн алган талапкер (же талапкерлердин тизмеси)  шайланган деп эсептелет. Практикада бул системанын үч түрү белгилүү. 1. Абсолюттук көпчүлүктүн мажоритардык  системасында, ким абсолюттук (же жөн эле) көпчүлүк добушту (50%+1) алса анда ал шайланды деп эсептелет. Добуштун  абсолюттук көпчүлүгү дайым эле мүмкүн болбогондуктан, бул системада добуш берүү, эреже катары эки турдан турат,  бирок экинчи турда добуштарды эсептөө башка система боюнча аныкталат. 2. Салыштырмалуу көпчүлүктүн  мажоритардык системасында жеңүүчү атаандаштарына салыштырганда көбүрөөк добуш алышы керек. Бул тартипте ири  партиялар көбүрөөк артыкчылык алышат. 3. Квалификацияланган көпчүлүктүн мажоритардык системасында жеңүүчү  алдын ала белгиленген добуштардын теңинен көбүнө – 2/3, 3/4, 4/5, ээ болууга тийиш.

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ – бийликтин жогорку аткаруучу органынын жетекчиси. Башкаруунун парламенттик  формасындагы өлкөлөрдө Ө. б. мамлекет башчысынын кызматына дайындалат. Эреже катары же парламенттик  шайлоолордо жеңишке жетишкен саясий партиянын лидери, же өкмөттүк коалицияны түзгөн партиялардын  лидерлеринин бирөө Ө. б. боло алат. Формалдуу түрдө премьер-министр жана ал жетектеген өкмөт парламенттин  алдында саясий жоопкерчиликке ээ. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттердеги Ө. б. кеңири укуктарга ээ: ал министрлерди  дайындайт, түшүрөт, алмаштырат, өкмөттүн ишин жетектейт. Өкмөттөн чыккан иш кагаздары жана нормативдик  актылардын барына Ө. б. тарабынан кол коюлат же уруксат берилет. Ал – башкаруучу партиянын официалдуу өкүлү,  анын ой-пикири бардык маселе боюнча чечүүчү болуп саналат. Жазылбаган мыйзамдар боюнча министрлер Ө. б-на  сөзсүз баш ийүүгө милдеттүү, муну менен макул болбогон министрлер кызматын таштап кетүүгө мажбур болушат.  Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө өкмөттүн аткаруу бийлигинин жана анын башчысынын полномочиелеринин өсүш  тенденциясы, башкача айтканда парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн эсебинде өкмөттүн бийлигинин күчөө  тенденциясы байкалууда.

 

ӨКМӨТ

ӨКМӨТ аткаруу бийлигинин жогорку органы. Премьер-министр (канцлер, Кеңештин же министрлер кабинетинин  төрагасы), айрым өлкөлөрдө мамлекет башчысы (АКШ) тарабынан башкарылат. Ө-түн мүчөлөрү (министрлер,  мамлекеттик катчылар ж. б.) мамлекеттик башкаруунун мекемелерин жетектешет. Ө. парламент тарабынан түзүлөт же  мамлекет башчысы (монарх же президент тарабынан дайындалат. Өзүнүн составы боюнча Ө. бир партиялуу,  коалициялуу боло алат. Унитардык жана конфедерациялык мамлекеттен айырмаланып, федерациялык мамлекетте  борбордук Ө. ошондой эле федерациянын составына кирген мамлекеттик бирикмелердин (штаттар, провинциялар) Ө.  түзүлөт. Конфедерациялык Швейцарияда федералдык Кеңеш-өкмөт болуп саналат. Ал ар бири бир департаментти  (саясий, ички иштер, юстиция, аскердик, финансылык, экономикалык, транспорттук, энергетикалык)тейлеген жети  федерациялык кеңештен турат.

Президенттик республикаларда Ө-тү президент башкарат. Себеби Ө. парламент эмес,  анын алдында жооп берет. Бул учурда премьер-министр жөн гана администрациялык орун ээлеп калат. Негизги  маселелер боюнча Ө. заседаниелерин президент өзү өткөрөт. Адатта кабинеттин мүчөлөрү президент мүчөсү болгон  партияга таандык. Кабинеттин заседаниелеринин туруктуулугу жана күн тартиби президент тарабынан аныкталат.  Парламенттик республикаларда Ө. парламенттин алдында жооп берет. Бирок бул жобо ар дайым эле колдонула бербейт.  Кээде Ө-түн колунда зор бийлик топтолот (башкача айтканда парламентаризмге каршы «министериализм» системасы).  Айрыкча бул децентралдаштырылган мыйзам чыгаруу аркылуу Ө. норма чыгаруу ишмердүүлүгүнө чагылдырылат.  Жалпысынан Ө. түзүүнүн тартиби, анын составы жана компетенттүүлүгү мамлекеттердин конституциялары же  конституциялык мыйзамдары тарабынан аныкталат.

ОХЛОКРАТИЯ

ОХЛОКРАТИЯ (Гр. <oshlos – топтошкон эл + kratos – бийлик) – топтошкон элдин (толпанын) бийлиги. Топтошкон эл –  кандайдыр бир кыска убакытка чогулган, уюшулбаган адамдар. Белгилүү тышкы стимулдардын жана эмоциялык  факторлордун таасири менен жөн гана биригишкен. Белгилүү шарттарда топтошкон эл иррационалдуу, сокур,  кыйраткыч жана башкарылбаган күчкө айланып кетиши мүмкүн. Илимге О. түшүнүгү байыркы грек тарыхчысы  Полибийден улам кирген. Бул кубулушту Аристотель менен Платон изилдешкен. Грек мамлекет теориясында О.  абсурдга жеткен, чегинен чыккан демократиянын түрүн билдирген. Маңызы боюнча О. саясий бийликти иш жүзөгө  ашыруунун ыкмаларынын бири. Ал эч качан бийликтин өз алдынча түрү болгон эмес, бирок кризис абалындагы саясий  тартиптерди кошумчалап турган. О-нын пайда болушу менен саясий тартиптин, саясий системанын кризистик абалын,  бийликтин кризиске учурашын билдирет. О. негизинен өткөөл мезгилде, жашоонун бардык тармагы анын ичинде саясат  да терең кризиске учурап, тигил же бул өлкөгө оор мезгил түшкөндө кездешет. Ошону менен бирге О. эч качан  туруктуулук жана узактуулугу менен айырмаланбайт. Экономикалык жана социалдык өнүгүүдөн абалдын  нормалдаштарылышы менен О-нын объективдүү базасы тарыйт. Бирок анын рецедивдери коомдук турмуштун түрдүү  тармактарында, улуттук, диний жана тиричилик негиздеринде кездешүүсү мүмкүн.

 

ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу

ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу (1879–1942-ж.) – кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун  Кызылдөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) болгон киши. О. да  өз айылындагы мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары  Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шаарында «Мухтасар тарых-и  кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача тарыхы»), 1914-ж. «Тарих- и Кыргыз Шадманйая» («Шабдан элинин тарыхы»)  деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында араб ариби менен  кыргызча кайра жарыяланган.