Tag Archives: АЛП

АЛП УЙКУ

АЛП УЙКУ — эпикалык салттык мотивдердин бири. Түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларынын көпчүлүгүндө баш каармандын душман колуна түшүп туткундалышы негизинен анын узакка созулган А. у-су менен байланыштырылат. Фольклористикада башкы баатырдын А. у. менен укташы байыркы магиялык түшүнүктөн келип чыккан убактылуу өлүп-тирилүү мотивинин жумшартылган түрү катары каралат. А. у-да жаткан алтай баатыры Алып-Манаш менен өзбек баатырдык эпосунун баш каарманы Алпамыштын… Калганын окуу »

АЛП КАРА КУШ

АЛП КАРА КУШ — оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн образы жөнүндө: «бакты-таалайдын жана молчулуктун залогу катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эң жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын… Калганын окуу »

АЛП

АЛП — эң зор, алибеттүү, күчтүү адам, дөө, ашкере кажырдуу баатыр. А. элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын (дөөлөрдүн) энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп) колдонулат. Бул сөз байыркы түрк элдеринин Орхон-Енисей жазууларында кадимки эле адамдардын атынын компонентинде учурайт. Мисалы, Йигин Алп Туран, Ынанчу Алп. Ал эми А-ка синонимдеш бөкө, баатыр, дөө жана башкалар… Калганын окуу »