Tag Archives: аспап

ҮШКҮ

ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып, жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап,… Калганын окуу »

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш кескич, тешкич, жылмалоочу, жалтыратуучу дүкөндөр бар. Илгери болот темирди түрдүүчө сугарып, (майга, кийизге) аны таш чегүүгө ылайыкташтырып алышчу.… Калганын окуу »

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот. Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам… Калганын окуу »

КЫЛ КЫЯК

КЫЛ КЫЯК — элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муң-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот. Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоң болушунун себеби, аттын туу куйругунан тандалма токсон талын буроо учун ал, албетте, токтомдуу болушу керек. Кыяктын арты томпок көрүнүп, маңдайы айыш-өңкөгөйрөөк келет. Эгер мунун бетин… Калганын окуу »

КЫЧКАЧ

КЫЧКАЧ — зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат. Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү келет да, шакектелип коюлат. Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт чарчыланган анын ички учу быдырлуу келген, нерсени шып кыпчып чабууга, мык суурууга ылайыкташат. Аны усталар «аңырооз» дешет. Ал… Калганын окуу »

ИЙРЕК

ИЙРЕК — Теринин бетиндеги челин, этин, майын ала турган аспап. Аны чеберлер өзүлөрүн эки башын жумуру жыгачтан саптап (50—60 см), ортосуна быдырлуу тишин чыгарып, оюндагысындай кылып, жасап алышат. Ийрек — териге көркөм оюм-чийим түшүрүүчу аспап. Ал жыгачтан жумуру сапталган шибеге сымал болот. Чеберлер — ийректин ичке жана жоон түрүн колдонушат. Аларды ар бир чебер өзүлөрүнүн көөнүнө жаккандай жасап алышат.… Калганын окуу »