Tag Archives: байыркы

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ б. з. ч. 4-к мамлекетинин түзүлүшү м-н жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик ж-а рим — византиялык доорлор (б. з. ч. 332 — б. з. 642) да эсептелген. Б. Е. М-нын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына — Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН БАЙЫРКЫДАН КАЛГАН ЛЕКСИКАСЫ

Биздин замандын VI–VIII кылымдарында түрк будундарынын (элдеринин) тамгасы болгон. Ошол тамгалар чегилген таш, граниттен жасалган эскерткичтердин бетинде байыркы адабий тилдин үлгүсү сакталып турат. Мына ошол тилди азыркы түрк тилдеринин тарыхын үйрөнүүгө негиз кылып алабыз.

КОШОЙ-КОРГОН — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР АТБАШЫ

Эгерде биз Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын XI—XII кк. таандык кылсак, Тянь-Шанда, жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, VI—VIII кк. да, XI— XII кк. да дыйканчылык конуштар көп санда болгон эмес. Кошой-Коргон шаар чалдыбары отурукташкан типтеги бир кыйла эски эстелик. Жергиликтүү кыргыз калкы ал жерде Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган деп эсептешет. Бул шаарча эң сонун сакталган, ал тик бурчтуу келип,… Калганын окуу »

ШЫРДАКБЕК — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР КАЖИНГАРБАШЫ

Көчмөндөрдүн башка бир борбору, ордо-шаары Алабука суусунун өрөөнүнөн табылды. Бул өтө кызыктуу эстелик, ал жергиликтүү калктын арасында Шырдакбектин чеби деген ат менен белгилүү; бул чеп кыргыз баатырына таандык кылынат, анын өмүрү ушул эле аталыштагы элдик поэмада баяндалат. Бирок, бул уранды Шырдакбектен алда канча мурдагы чептин урандысы экени аныкталды (поэма XVIII к. акыры ченинен эрте эмес убакта түзүлгөн) жана… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек. Моңгол мезгилине чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик бардыгы официалдуу кытай историографиясынын чыгармаларынан алынган. Аларда эл аталыштары, анан да адамдардын, жерлердин энчилүү аттары, албетте, кытай иероглифтери менен транскрипцияланып берилген.… Калганын окуу »

БАЙЫРКЫ ТАШ БАЛБАЛДАР (СКУЛЬПТУРАЛАР)

Б. з. VI к. Алтайда жана Монголияда көчмөн уруулардын биригүүсүнөн алгачкы феодалдык мамлекет Түрк кагандыгы түзүлгөнүн бнлебиз. Кыска убакыттын ичинде түрктөр курамына Орто Азиянын бир бөлүгү кирген эң чоң аймакка өз өкүыүн жүргүзүп калат. Кагандык бекем эмес мамлекеттнк бирикме болгон. Түрк коомунун ичинде болгон социалдык курч карама-каршылыктар кагандыктын 603-ж. Чыгыш кагандык, Ватыш кагандык болуп эки бөлүккө ажырашына альга… Калганын окуу »

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР ЖАНА АЛАРДЫН ХУННДАРДЫН ИМПЕРИЯСЫНА КИРИШИ

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б. з. ч. 145—86-жж.) өзүнүн «Ши цзи» «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б. э. ч. 201 -ж. хунндардын падышасы Модэ шанүй (кыт. шанүй тенир куту) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулда ал көз карандысыз бир катар: генгүн, динлин, синьли ж. б. урууларды каратып алган. Бул маалыматтын кыргыз тарыхы үчүн мааниси өтө зор. Генгүн… Калганын окуу »