Tag Archives: инсандар

МАРКС Карл

МАРКС Карл (1818–1883) – немец окумуштуусу, революционер. М-тын социалдык жана саясий теорияларга киргизген  негизги салымы экономикалык чөйрөнүн чечүүчү маанисин көрсөткүн тарыхтын материалисттик концепциясы болуп  эсептелет. М-тын теориясына ылайык, саясат экономикадан улам келип чыккандыктанбы, саясат тууралуу  ыраатташтырылган изилдөөсү болгон эмес. М. мамлекетти тарыхый зарылчылык деп эсептеген; мамлекет эмгектин  бөлүш-түрүлүшүнүн, жеке менчик менен таптын пайда болушунун натыйжасында келип чыккан; Ал… Калганын окуу »

МАКИАВЕЛЛИ Николо

МАКИАВЕЛЛИ Николо (1469–1527) – Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү, италиялык коомдук ишмер, саясий  ойчул, тарыхчы жана аскердик теоретик. Ага карата мамиле ар дайым карама-каршылыктуу болгон: анткени, ал саясий  бийликтин механизмин, анын максатын, милдетин, каражат-тарын ырайымсыздык менен жарыя-лаган, ал эми экинчи  жагынан, анын ойлору жана максаттары бардык убактарда жана түрдүү абалды пайдаланууга болот деп табылган. Н.  Макиавеллинин мурастарына өтө… Калганын окуу »

ЛОКК Жон

ЛОКК Жон (1962–1704) – англис философу, либерализмдин негиздөөчүсү. Л-тун социалдык-саясий концепциясы  «Мамлекетти башкаруу жөнүндөгү эки трактат» (1690) камтыйт. Биринчи трактат – Р. Фильмердин феодалдык –  патриархалдык «королдун абсолюттук бийлик укугу кудайдан» көз карашын төгүнгө чыгарууга арналган. Экинчиси –  конституциялык парламентардык монархия теориясын камтыйт. Мында акыйкатта 1688–89-ж. көтөрүлүштөн  (революция) кийин Англияда бекемделген социалдык-саясий түзүлүштү актаган жана негиздеген. Мамлекеттин болбой … Калганын окуу »

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич (1870–1924) – марксизмдин теоретиги, РСДРПнын уюштуруучусу жана Совет  мамлекетинин биринчи лидери. Л-дин саясий ойго кошкон салымы – революциячыл уюштуруу теориясы. Ал  революциячыл партиялардын түзүлүшү жана милдеттери, таптар жана алардын саясий мобилдөөчү ролу, социализмге  глобалдуу өтүү үчүн зарыл шарттарды түзгөн капитализмдин акыркы доору сыяктуу проблемаларды изилдөөдө айрыкча  белгилүү. Марксизмдин мазмуну – таптык күрөш жөнүндөгү окуу,… Калганын окуу »

ЛАО-ЦЗЫ

ЛАО-ЦЗЫ, Л и Э р жашаган жылдары белгисиз, салт боюнча Конфуцийдин улуу замандашы катары эсептелет) –  Байыркы Кытай трактаты «Лао-Цзынын» (байыркы аталышы «Дао-дэ-цзин» б. з. ч. IV–III к.) автору. «Дао-де-цзин»  китебинде берилген Л. окуусу – лаосизм башкы принцип катары «Увэй – иш кылбоо» (недеяние) теориясын берет. Бул  жөн эле иш кылбоо эмес, бул жаратылышка баш ийүү, табигый тең… Калганын окуу »

КУРМАНЖАН ДАТКА

КУРМАНЖАН ДАТКА, К у р м а н- ж а н Маматбай кызы (1811–1907) – алайлык кыргыздардын башкаруучусу. «Алай  канышасы» деген ат менен белгилүү. Оштун аймагын жердеген (азыркы Карасуу, Мады кыштагы) муңгуш уруусунун  баргы уругунан чыккан. Кудалап барган биринчи «күйөөсү» Садиар уулу Кулуну чанып, атасынын төрүндө үч жыл  отурган. 1832-ж. Алайды башкарган Алымбек даткага турмушка чыккан. Алымбек менен… Калганын окуу »

КОНФУЦИЙ

КОНФУЦИЙ (Кун-цзы, б. з. ч. 551–479 ж.) – байыркы кытай ойчулу, Конфуций окуусунун негиздөөчүсү. Байыркы  Кытай тарыхынын Чжанго доору (б. з. ч. V–Ш к.) кытай философиясынын өнүгүшүнүн «алтын доору» катары  эсептелинет. Бул доордо сөздүн толук маанисинде алганда философиялык окуу калыптанган. Ал окуунун эң  маанилүүлөрү – Конфуций окуусу, даосизм, моизм, легизм ж. б. Конфуций окуусу б. з. ч. VI–V… Калганын окуу »

КАНТ Иммануил

КАНТ Иммануил (1724–1804) – немец философу. Граждандык коом жөнүндөгү түшүнүктү андан ары кеңитти. Канттын  социалдык-саясий көз карашы Руссонун таасири менен калыптанды жана элдин жогорку бийлиги (элдик суверенитет)  жөнүндөгү идеяны өнөктүргөн. Анын граждандык коомду түшүндүрүүсү диалектикалык мүнөзгө жакын. Адамдын  натурасындагы карама-каршы сапатты: батпай калууну, кекирейүүнү, тартып алууга суусагандыкты изилдейт, бирок  ошол эле мезгилде макулдашууга умтулуу бар экендигин негиздейт. Мына… Калганын окуу »

КАМЧЫБЕК Шераалы уулу

КАМЧЫБЕК Шераалы уулу – орус падышачылыгына элчиликке барган алгачкы өкүлдөрдүн бири. Бугу уруусунан  чыккан Шераалы манаптын уулу. 1813-ж. ноябрда Жакыпбек бай менен кошо Россиянын Сибирь аймагын башкаруучу  Г. И. Глазенапка жазылган катты жеткирүү үчүн А. Л. Бубновго кошулуп, Ысыккөлдөн аттанышкан. 1814-ж. 5-январда  алар Семейге жетишкен. Бирок каражаттын жоктугунан улам, Глазенап элчилерди Санкт-Петербургга жиберүүдөн баш  тарткан. К. кызыл тасмага… Калганын окуу »

КАЛЫГУЛ Бай уулу. Калыгул ырчы

КАЛЫГУЛ Бай уулу, Калыгул ырчы (1785–1855) – заманачы акын. Аркалык кыргыздардын акыны жана санаатнасаатчылардан болгон. Анын «Акыр-заман», «Кыямат кайым» аттуу мистикалык-философиялык ырлары эл оозунда  айтылып калган. Анын муңайым маанайдагы чыгармаларында ич ара феодалдык чыр-чатактар. Кокон хандыгынын алыксалыктары, карапайым элдин каржалган турмушу таасын чагылдырылган. 1854-ж. Ормон хандын айылындагы бугу  менен сарбагыш урууларынын чабышына шылтоо болгон ордо оюнун токтотууга аракеттенген.… Калганын окуу »