Tag Archives: кийиз

ТУУРДУК

ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2 м дей, туурасы 4,5—5 метрдей бычылат, ал көбүнчө төрт бөлүктөн турат. Буга көбүнчө эчки менен топоздун кылтагынан кара-… Калганын окуу »

СЕП

«Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм- кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу… Калганын окуу »

ӨРӨ КИЙИЗ

ӨРӨ КИЙИЗ — Боз үйдүн жабуусу. Түр салынбай, боёлбой, ак менен кара жүндөн калың жасалган кийиздин бир түрү. Өрө кийиз көбүнчө боз үйгө жабууга ылайыкталат. Ал күзгү жүндөн уютулуп, мунун бир жагы боз, экинчи жагы кара болсо ал сөзсүз бышырылат. Өрө кийиз өргөө тигүүдөн байкалат. Боз үйдүн өнүгүшүндө жүндүн мааниси өтө зор. Демек, үйдүн жабуусу анын боочулары жана… Калганын окуу »

КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ

КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ — Буюм бетине түшүрүлгөн кооздук, түр. Буюм — көркөм көчөттөрү аркылуу даңазаланат. Мунун салттуу көчөттөрү көркөм кол өнөрчүлүктүн берки түрлөрүнүн оюм-көчөттөрү менен мыйзамченемдүүлүктө жалпы үндөшүп турат. Килем буюмдарынын төрт жүздөн ашуун көчөтү кездешет. Алар өрмөкчүлүктөгү жана чырмакчылыктагы көркөмдүктөр менен айкалышат. Мисалы, «мүйүз оюму» («кочкорек», «кайкалак») килемчиликтеги оюм-көчөттүн негизин түзөт. «Кабырга», «ашкана көчөт», «тогуз төбө» көчөт… Калганын окуу »

КИЛЕМ

«Байчечекей жайнатып, Алтын жиптүү зор килем» (оозеки адабият). Түктүү көркөм көчөт салынып, колдо токулган үй ичин жасалгалоочу буюм. Кыргызда негизинен жүл (түк) жана Араби килем токулат. Килем аркагы өрмөктөй эле кадимки жүндөн жана мурунку эриш жиптердин калдыктарынан ийрилет. Араби килем түксүз болот. Анын өзүнчө көчөтү салынып, ал жеңил, бир эсептен бышык жана кооз. Килемге негизинен койдун жазгы кылчык… Калганын окуу »

КИЙИЗ

«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» (Макал). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын, жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз, шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп бөлүнөт. Кийиз уютуу үчүн чеберлер кылчыктуу күзгү жүндү тандашат. Уютулуучу жүн кыска болушу зарыл. Узунун кырчып-кырчып кыскартат. Талпакта аябай сабалган… Калганын окуу »

ЖАБЫК БАШ

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине шырдактыкындай эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат, «Бычак учуна» жана эки четине дейре көбүнчө ак менен кызылдан… Калганын окуу »

АЛА КИЙИЗ

АЛА КИЙИЗ (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын. Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт урунууга шартташкан. Ала кийиз (карала кийиз) деген ат илгери кара жана ак койдун жүнүнөн эле түр түшүрүүнү түшүндүргөн.… Калганын окуу »