Tag Archives: кийим

ЧАПАН

«Туугандыгын билгизип, Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас») («Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет. Чапандын ичи-сыртын бирдей шырыйт. Элибизде каптама чапан мүнөздүү болгон. Кийим мында кенен бычылат да, ичи шырылган, сырты капталган.… Калганын окуу »

ТОПУ

«Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул — тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген. Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү жердиктен төбөсү менен алкагы тегерек жана жапыз тигилип, зер, бермет, шуру, акак өңдүүлөр менен кооздолуп, үкү (канаты) тагылган.… Калганын окуу »

ТОН (Бостон)

«Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын да жерге таштабайт, андан курак көлдөлөң, балдарга кийим-кечек бычылат. Малдын, кайберендердин жана аң терилери көчмөңдүү элдин турмуш-тиричилигинде тигил… Калганын окуу »

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме… Калганын окуу »

ӨТҮК

ӨТҮК (кете, мөкү, көк жеке) — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу, булгаары өтүк, миз таман. «Өкчөсү карыш «көк жеке» Оймо така ичинде, Алтындан кылган жылаажын. Кош коңгуроо жеке сан. Козголсо үнү шыңгырап», («Манас»). («Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк жеке, жекесаң, упуке, накери, кырмызы маасы деген бут кийимдердин аттары көп кездешет. Ошондой эле алардын кандай шарттарда жана… Калганын окуу »

МААСЫ

МААСЫ — өкчөсү жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы», «кыром маасы» деген түрү бар. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген. Чеберлер кол булгаарыдан кашыктай сыйда мыкты маасыларды ултарып, ага чийме сынпос түшүрүүчү. Бул бут кийим эркектердин маасысы, ургаачылардын… Калганын окуу »

МАЛАКАЙ

«Малакайы алтындан, Бардашы журттан артылган» («Манас»), Бул — элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын көрпөдөн бир-эки элидей «кыюусу» болот. Кыюусуз тигилген малакайга кездеме менен көрпөдөн «милте» (жээк) коюлат. Аны бычып-тигүүдө жана кийүүдө аймактык айырмачылыктар бар.

АКОЛПОК

АКОЛПОК — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый буюм катары сүрөттөлөт: Жакасы алтын жеңи жез, Жез бадана торгой көз, Кош бадана торгой көз, Келеме жака кең… Калганын окуу »

КЕПИЧ

КЕПИЧ — кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы кургагандан кийин эки жыгачтын ортосуна салып, жанчып жумшартат да, бирдей таралып, тигилүүчү буюмга жараша жоон же ичке чыйратыла… Калганын окуу »

КЕПТАКЫЯ

«Калем тарткан сыядай, Кашынды бирпас ырдайын, Кеп такыя жарашкан, Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры). Бул — ургаачылардын баш кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Ал элечекти алууну жана кайра аны кийүүнү жеңилдетет. Элечекти терден сактап, шырылган ак болотнай чыккан… Калганын окуу »