Tag Archives: КУЮШКАН

КУЮШКАН

«Куюшканы кабат» (макал). Ал — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Токулган ээрди эңкейиште аттын (унаанын) моюнуна кетүүдөн сактайт. Мунун эки учу ээрдин арткы актасындагы чыгарагына бекитилет. Куюшкан да кайык, өрүм аркылуу бүткөрүлөт. Анын шөкөттөлгөн «кошундусун» төрт-алты-сегиз талаа чыгарып көркөмдөгөн зергерлер чыккан. Мунун чок ортосуна күмүш жалатылган томпогой темирди көмкөрүп, анын четтери чегеленет. Ага асыл таштарды чөгөрүп да шөкөт тешчү.… Кененирээк »