Tag Archives: Кылыч

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО»

«КЫЛЫЧ БАЙЛОО» — Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты тал чыйратылган жип экиден үч сыйра өткөзүлөт да, анда текши көзчө (торчо) чыгарылат. Мунун аягына адаттагыдай «топ чачысы»… Калганын окуу »

КУРЧ

КУРЧ — Манас жана анын эң жакын башкы чоролоруна арналып асмандан керемет менен түшкөн кылычтардын жалпы аты. Саякбай Каралаевдин вариантында гана айтылып к-ка баатырлардын кандайча ээ болгондугу, алардын ар биринин энчилүү аты, сын-сыпаты кеңири мүнөздөлөт: Асмандан түшкөн алты курч, Кылычтын кыл мыктысы Манас алган Зулпукор, Ажыбай алган Ачболот, Бакай алган Кылболот, Алмамбет алган Жойкума, Чубак алган Ачалбарс, Сыргак… Калганын окуу »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн. Азыр бул жер Нарын областы, Кочкор районуна караштуу «Осо-Авиахим» айылы. Бул айылдын мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары — Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, ал Төрөкелди уулунун бейити деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВДУН «СЫНГАН КЫЛЫЧ» – ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«СЫНГАН КЫЛЫЧ» –  тарыхый роман. Биринчи китеби 1966-ж., экинчи китеби 1971-жылы жарыкка чыккан. Идеялык-тематикалык. проблематикасы боюнча  башкаларга окшобогон «Сынгын кылыч» романы 1971, 1983-жылдагы партиялык пленумдарда  социалисттик идеологиянын куугунтугуна алынып, «…эки жолу тагдыры башка кылычтардын мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу сынып түшүп, эки жолу кайра бүтөлүп, эки жолу кайра ордуна келген» (К. Даутов). Көрсө, бул чыгарма мезгилинен эрте жаралган… Калганын окуу »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл… Калганын окуу »