Tag Archives: кыргыздар

XVI-ХVII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Тянь—Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети—Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети—Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Та‘рйх—и Рашиди» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда1541—1544-жж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат.

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ

Тянь-Шань деп аталган «асман тиреген» тоолордун кыйыры чексиз. Анын түбөлүк кар менен мөңгү баскан бийик чокулары тоолордун этек-жакаларын байырлаган элдердин миңдеген жылдарга созулган тарыхынын күбөсү. Тянь-Шань өзүнүн өрөөндөрү менен капчыгайларында өткөндүн даңазалуу маданияты жөнүндө эскерүүлөрдү сактап турат. Мында миңдеген жылдар бою ар түрдүү элдер жашап, турмуш-тиричилигин өркүндөтүшкөн, бул жерде чыгармачыл маданий турмуш булактай оргуштап кайнап турган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет103. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Энесай кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу.

КЫРГЫЗДАР VI КЫЛЫМДАН IX КЫЛЫМГА ЧЕЙИН 

618-жылдан 907-жылга чейин башкарган Тан сулалесинин (Тан-шу) тарыхынан мындан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларына караганда кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз. Кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы биринчи жолу географиялык жактан так көрсөтүлгөн; кыргыз элинин түспөлү жана тили жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылган. Мындан тышкары бул маалыматтар ошол эле мезгилде… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДАРДЫН VI—IX КЫЛЫМДАРДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИК ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Чыгыш түрк кагандарынын мүрзөсү үстүндөгү стеллаларда, Күл-Тегин менен Могилян-хандын эстеликтеринде түрк хандыгын негиздеген Бумын же Тумын кагандын өлүшүнө байланыштуу көңүл айткан уруулардын ичинде кыргыздар да эскерилет263. Бул окуя VI к. алтымышынчы жылдарына, же 553-ж. ченге таандык деп айтса болот. Каганды көмүүгө келгендердин арасында ошол кезде чыгыш түрктөрүнө салык төлөбөгөн, аларга дегеле көз каранды эмес уруулардын өкүлдөрү да болгон.

КЫРГЫЗДАРДЫН XVIII КЫЛЫМДАГЫ ТАРЫХЫ БОЮНЧА БУЛАКТАР  

 XVI— XIX кылымдарда Орто Азия элдеринин тарыхы өтө начар иштелген. Бул мезгилди изилдеп-үйрөнүүдө Ленинград блокадасында курман болгон П. П. Иванов тарабынан көп иштер аткарылган болучу. Ал ушул мезгилдеги өзбектер менен түркмөндөрдүн тарыхы маселелерине баарынан көбүрөөк кызыккан. Казактардын тарыхы тарыхый адабиятта XVII жана кийинки кылымдар боюнча эң сонун баяндалган орус булактары бар болгондуктан бир кыйла дурус чагылдырылган. Бул булактар… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР    

Минусин коргон маданиятынын аякташы менен Енисейлик коомдоштуктардын тарыхый өнүгүшүнүн жаңы этабы башталат. Минусин коргон маданиятынын көрүстөндөрүндө чагылдырылган мүлк жагындагы теңсиздиктин күчөшү, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана колодон куюп, буюм жасоого адистешкен кол өнөрчүлөрдүн бөлүнүп чыгышы, алмашуунун өнүгүшү — мына ушулардын бардыгы уруулук түзүлүштүн негизи болгон жамааттык эмгектин жоюлушуна алып келди. Уруунун ролунун жоюлушу менен бирге, албетте, анын атрибуттары да… Калганын окуу »

ТЯН-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ ХVIII-XIX КЫЛЫМДАРДА

Ойроттор Енисейден алып кеткен кыргыздардын кийин кайда жашашканы жөнүндө так маалыматтар жок. 1746-ж. Усть-Каменогорскиге келишкен «кыргыз-калмактардын» айтканы боюнча аларды «Ургага көчүрүшкөн» жана ал жерде жүргүзүп турган хун-тайчжи Галдан-Цэрэнге (1727— 1745) салык төлөп турушкан. «Урга» дегени хун-тайчжинин Илеге жакын жерге жайгашкан ордосун билдирген. Ошентип, Енисейден алынып кеткен кыргыздар өздөрүнүн Тянь-Шандагы туугандарына жапжакын келишкен, бирок алардын бири-биринен кабар алышканы жана… Калганын окуу »

ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

Этникалык кыргыздардын бир бөлүгү асман тиреген Памир тоолорунун Ооганстанга караган чегинде жашашат. Алардын биринчи тобу Кичи Памирде (алар өздөрү «Кичик Паамыл” деп аташат), ал эми экинчи тобу Чоң Памир (Зор Паамыл) деген аймакта орун алган. Ал аймактар түндүгүнөн Тажикстан, түштүгүнөн Пакистан, чыгышынан Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном району, батышынан Ооганстандын башка оодандары менен чектешет. Кыргыздар жашаган айылдар Вакан өрөөнүнүн жогорку… Калганын окуу »