Tag Archives: Кыргызстан

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ СИСТЕМА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ЖАНА АЛАРДЫН ТИПТЕРИ

Саясый система түшүнүгү – саясатты аныкталган бир жалпылык катары түшүнүүгө жана анын мүмкүнчүлүктөрүн, формаларын коомдун башка тармактарынан айырмалап кароого жардам берет. Тактап айтканда саясый система түшүнүгү – саясый жашоонун динамикасын мезгилге жана мейкиндикке жараша салыштырып изилдөөгө, ар түрдүү коомдордун саясый өзгөчөлүктөрүн салыштырууга мүмкүндүк берет. Коомдук саясый системада саясый режим мазмундуу мүнөзгө ээ. Режимдин өзгөрүшү саясый системанын өзгөрүүсүнө алып… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ

Кыргызстандын аймагын 19-к-дын ортосуна чейин негизинен кыргыздар мекендеген. Алар көчмөн турмушта жашап, мал чарбасынан тышкары көмөкчү түрүндөдыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен да кесиптенишкен. Көчмөн кыргыздар сан жагынан анча көбөйө алган эмес. Анткени кыштын катаал күндөрүндө боз үйдөжашоо, саламаттык сактоонун өнүкпөгөндүгү, катуу кармаган жугуштуу оорулардын калк арасында жайылып турушу, балдардын өлүмүнүн арбын болушу калктын табигый өсүшүнө кедергисин тийгизген. Кыргыз элине сырттан кол салуулар, ички уруу аралык кагылыштар дагы калктын  көбөйүшүнө тоскоол болгон.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРОГРАФИЯСЫ ЖАНА РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Теңиртоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памирдин түн.-чыгышындагы бир аз аймакты ээлейт. Жеринин бети өтө татаал жана бийиктик абалы кескин өзгөрүлмө (400 мден 7000 мге чейин). Орографиясы кеңдик багытында катар-катар созулган бийик тоо кыркалар м-н аларды бөлүп турган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Аймагынын деңиз деңг. орт. бийиктиги 2750 м.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ

Кыргызстандын табияты менен таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан алгачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр менен эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңиртоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН V-VIII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТҮРК ЖАНА ТҮРГӨШ КАГАНДЫКТАРЫНЫН МЕЗГИЛИНДЕ      

VI кылымдын орто ченинен Моңголиянын аймагында түрк кагандыгы түзүлө баштайт. Түрк урууларын саясый жактан бириктирүү 545-жылдан, империяны негиздөөчү Тумын алтайлык түрктөрдүн жужандарга каршы көтөрүлүшүн пайдаланып, аларды толук талкалап салгандан кийин башталат. VI кылымдын 80-жылдарына карата анын уулу Яньдунун тушунда империя өтө зор аймакты ээлеп, өзүнүн курамына этностук теги боюнча ар түрдүү болгон көптөгөн урууларды камтып турган. Бул империя… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН ЗАМАНДЫН XI—XII КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ КАРАХАНДАР ДООРУНДА        

X кылымдын акырында Кыргызстандын аймагында өзүнүн бийлигин бүт Орто Азияга тараткан жаңы династия пайда болот. Карахандардын саясый тарыхы ушул кезге чейин толук маалым эмес. Алсак, мисалы, династиянын хандарынын башкарган мезгилдеринин толук даталары жок. Ушул күнгө чейин карахандар династиясы кайсы уруудан чыкканы да белгисиз. Сыягы, карахандар династиясын ягма уруусунун башчысы негиздесе керек. Карахандар династиясын тогуз-огуз-уйгурлар негиздеген деген эски гипотезаны… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН УСУН УРУУЛАР СОЮЗУ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИН        

Кыргызстандын аймагындагы байыркы доорлорду археологиялык жактан изилдеп-үйрөнүүнүн начардыгы анын эң байыркы мезгилдерден биздин заманга чейинки тарыхын ырааттуу түрдө чагылдырууга мүмкүндүк бербей отурат. Илимде ушул күнгө чейин Кыргызстандын аймагындагы таш доору боюнча маалыматтар жок. Бирок мындай табылгалардын жоктугу Тянь-Шанда эң эле байыркы доордо, а мүмкүн орто палеолит доорунда калк жашаган деп божомолдоону жокко чыгарбайт. Мунун далили катарында Кыргызстандын аймагына… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА БИЗДИН ЗАМАНДЫН IХ-Х КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ ФЕОДАЛДЫК МАМИЛЕЛЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ        

Кыргызстандын IX—X кк. саясый тарыхы дээрлик таптакыр белгисиз. 766-ж. карлуктар Чүй өрөөнүн басып алып, өлкөнүн толук бийликтүү кожоюну болуп калганда мында мурдагыдай эле көп сандаган көчмөн түрк калкы жана иран тилдүү калктын согдулук оторлору бар болучу. Кытайлар да, ошондой эле сириялыктар-христиандар да бар болушу мүмкүн. 751-ж. арап аскерлери кытай аскерлерин жеңгенден кийин Жети-Суу урууларынын саясый багытынын жаңы доору… Калганын окуу »

ОРУСИЯНЫН ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДЫ КАРАТУУНУН ТОЛУК АЯКТАШЫ. КУРМАНЖАН ДАТКА.

Алайлык кыргыздарды Орусияга каратууну баштоо. Курманжан датка. Падыша аскерлеринин Алайга жүрүшү. Түштүк Кыргызстанды Орусияга каратуунун жыйынтыктары. Курманжан датка Алай ханышасы.