Tag Archives: кыргыз тили

КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ

Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын бир түрү. Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык маанидеги маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилет. Көңүл айтуу катын жазууда сөздөрдү кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга күч-кубат бергидей касиетке ээ… Калганын окуу »

БАШ ТАРТУУ КАТЫ

Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учурларда жооп катары берилүүчү кат. Баш тартуу катын жазууда, себебин негиздөө жана түшүндүрүү керек. Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кайрылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн.   ҮЛГҮ:   Заказ алуудан баш тартуу каты Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери жөнүндө сөз… Калганын окуу »

МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ

Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты. Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн. Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн башталат.   ҮЛГҮ:   «Акыл» акционердик коомунун төрагасына «Жаштык» кинотеатрынын жетекчилигинен Макулдук берүү каты 2011-жылдын 24-апрелинде саат 14:00дөн 18:00гө чейин ижаранын 50% төлөө шарты менен кайрымдуулук акциясын… Калганын окуу »

КЕПИЛДИК КАТЫ

Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы бухгалтер.   ҮЛГҮ:   «Асыл» банктын башкармалыгынын төрагасы А. Ж. Жапаровго «Жайыл» дыйкан чарбасынын жетекчиси Р. Борбиевден   Кепилдик кат Дыйкан чарбага таандык… Калганын окуу »

ӨТҮНҮЧ КАТ

Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр: – кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты; – текст; – тиркеме (зарылчылык болсо); – катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу; – датасы.   ҮЛГҮ:   Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими… Калганын окуу »

ОТЧЁТ

Пландаштырылган иштердин, берилген тапшырмалардын аткарылышы, кызматка жана илимий изилдөөгө байланыштуу иш сапарлардын жыйынтыгы тууралуу иш кагазы отчёт болот. Отчёт кызматкер же жооптуу комиссиянын төрагасы (мүчөлөрү) тарабынан жетекчинин наамына жазылат. Отчётто аткарылуучу иш, аны аткарууда эмнелерге көңүл бурулганы, эмнелер аткарылбай калганы, кандай кемчиликтерге жол берилгени, эгер иш аткарылбай калса, аткарылбай калышынын себептери, кемчиликтерди жоюунун жолдору сунушталат. Мазмуну боюнча отчёт мезгилдүү иштер,… Калганын окуу »

ИШЕНИМ КАТ

Ишеним кат – бул бир жактын (ыйгарым укук берүүчү) экинчи жакка (ыйгарым укукка ээ болуучу) жазуу түрүндөгү ишеним артуусу, ыйгарым укук берүүсү. Башкача айтканда, жеке кишинин, жамааттын же уюмдун кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш жүргүзүү үчүн башка бирөөгө берилген расмий документ. Ишеним каттын үч түрү болот: 1. Бир жолку – бир жолку иш-аракетти аткарууга (мисалы, айлык маянаны, пенсияны, жөлөк… Калганын окуу »

МААЛЫМ КАТ

Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси, кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку органдардын талабы же көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө, иш сапары же кайсы бир окуя боюнча жалпыланган натыйжалар боюнча маалымат берилет. Экинчиси – кызыкдар жарандар менен мекемелерге берилген, кандайдыр… Калганын окуу »

КУЛАКТАНДЫРУУ

Кулактандыруу өткөрүлө турган иштер жөнүндө белгилүү уюмдун, топтун, жамааттын мүчөлөрүнө алдын ала билдирүү же эскертүү үчүн жазылат (кээде айтылат). Аны окуган (уккан) адамдар көрсөтүлгөн иш-чарага катышууга, талап кылынган маселе боюнча тийиштүү мамилесин билдирүүгө милдеттүү. Кулактандыруу илинген күндөн тартып атайын кагазга айланат. Зарыл учурда көрсөтүлгөн же айтылган иш-чарага катышуу-катышпоо жоопкерчилик милдет катары бааланып, аны аткарбай коюу боюнча доомат коюлушу… Калганын окуу »

КЕЛИШИМ

Эки же андан көп тараптын тигил же бул маселе (экономикалык, укуктук ж.б) боюнча өз ара мамилелерин жөнгө салуучу укуктук документ. Келишим жарандардын ортосунда, жаран менен уюмдардын ортосунда, мекеме, уюм менен башка мекеме, уюмдардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн. Келишим түзүүнүн жалпы жоболору КРнын Граждандык, Эмгек жана Административдик кодекстери, КРнын Өкмөтүнүн, министрликтердин, уюмдардын келишимдер боюнча чыгарган жоболору аркылуу жөнгө салынат. Укуктук багыты… Калганын окуу »