Tag Archives: кыргыз

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, укуктук, унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Республикабыздын негизинин бул башкы аныктамасын кандай деп түшүнүү керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК

Кыргыз республикасы түзүлгөнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу түшүнүк Кыргыз улуттук мамлекетинин калыптанышы жана түзүлүшү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы болуп эсептелет. «Конституция» деген сөз латынча «сonstitution (орнотуу, түзүлүш) деген сөздөн келип чыккан. Конституция негизги мыйзам катары адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын укуктарын жана милдеттерин, мамлекеттин түзүлүш формасын, мамлекеттик органдардын тутумун белгилеп, аларды түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.

КЫРГЫЗ-КАЗАК АКЫНЫ ЖӨЖӨ    

Акын дегендин аты акын. Башка аты жок. Бирок, акындын да акыны болот. Алардын өзүнө жараша үлүшү, калтырган изи, өз орду бар. Ар бир өнөрлүү адамдын же акындын жаккан ырларын ооздон-оозго аңыз кылып айтуу — тээ атам замандан келаткан биздин элибиздин салты. Ошол уламадан уланып келе жаткан мыкты залкар акындарыбыздын бири  —  Жөжө. Ал акындын ырлары толук жазылып калынбаса да, кай бирлери ооздон-оозго айтылып келе жатат.

XIX КЫЛЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX КЫЛЫМДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

XIX кылымдын экинчи жарымы — XX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз жазуулары дегенде биз негизинен ошол мезгилге туура келген кыргыздын белгилүү тарыхый адамдарына коюлган эстелик таштарга чегилген жазуулар жөнүндо айталы деген ойдобуз.

КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

Байыркы мезгилде кыргыздардын байыркы түрк руна (Орхон-Енисей) жазуусунун кыргыз вариантында жазылган адабияты болгону кеңири белгилүү эместир. Сөз Минусин ойдуңунда, Тува Республикасында, Абакан, Уйбат, Юса ж.б. дарыялардын бойлорунда табылган кыргыз ак сөөктөрүнүн бейиттериндеги көп сандаган эстелик жазуулар жөнүндө болуп жатат. Бул эстеликтеги жазуулардын котормосун биринчи жолу В. Радлов басып чыгарган, кийинки басылмалар С. Маловго таандык. «Вестник древней истории» басылмасында жарыяланган… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛДҮҮЛҮГҮНҮН КУРАЛЫП, ТҮЗҮЛҮШҮ  

IX кылымды кошо эсептегенде ага чейинки кыргыз этногенез тарыхынын негизги урунттуу учурларын белгилөө жана кыргыздардын курамына кирген түркий тилдүү уруулар жөнүндө алгачкы тарыхый даректерде чагылдырылган мезгилден бери тарта кыргыз элинин түзүлүү процессин иликтөө аракети болуп саналат.  СССР элдеринин тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгон Чыгыш элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын этногенез маселелери, тилекке каршы, биздин илимий адабиятыбызда начар… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ОЙМО-ЧИЙМЕЛЕРИ  

Эгерде этнографиялык изилдөөлөр кыргыз оймо-чиймелеринин маани-маңыз тарабын көрсөтүп берген болсо, аларды тарыхый жактан түшүндүрүү бир канча кечирээк, негизинен, советтик изилдөөчүлөрдүн — ысымдары жогоруда айтылган искусствотаануучулар менен тарыхчылар тарабынан ишке ашырылган

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ИСКУССТВОСУ БОЮНЧА ЖАЗМАЛАР    

Азыркы кыргыз искусствосунун тамыры байыркы замандардын тереңинде жатат. Биз кыргыздардын тарыхын б.з.ч. II миң жылдыктан бери тарта эсептегендей эле кыргыз элинин искусствосунун генезисин да ошол доордон башташыбыз керек. Коло доорундагы (б.з.ч. II миң жылдык) Енисейдеги малчы уруулардын идиштеринин оймо- чиймелеринен да биз азыркы кыргыз искусствосунун алыста жаткан тамырын көрөбүз. Алар геометриялык оймо-чиймелер жана алардын мааниси (семантика) изилдөөчүлөр үчүн… Калганын окуу »