Tag Archives: күрөш

КЫРГЫЗДАРДЫН VI—IX КЫЛЫМДАРДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИК ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Чыгыш түрк кагандарынын мүрзөсү үстүндөгү стеллаларда, Күл-Тегин менен Могилян-хандын эстеликтеринде түрк хандыгын негиздеген Бумын же Тумын кагандын өлүшүнө байланыштуу көңүл айткан уруулардын ичинде кыргыздар да эскерилет263. Бул окуя VI к. алтымышынчы жылдарына, же 553-ж. ченге таандык деп айтса болот. Каганды көмүүгө келгендердин арасында ошол кезде чыгыш түрктөрүнө салык төлөбөгөн, аларга дегеле көз каранды эмес уруулардын өкүлдөрү да болгон.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КОКОН ХАНДЫГЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮ

Кыргызстанда Кокон акимдеринин эзүүсүнүн (залимдигинин) күчөшү. Кокон хандыгына каршы Атантай менен Тайлак баатырдын көтөрүлүшү. Быча салгылашуусу. Куртканы ээлөө. Тайлак баатырдын өлүмү. Жер-жерлердеги элдик көтөрүлүштөр. XIX к. . биринчи жарымында кыргыз элинин Кокон хандыгына каршы күрөшүнүн тарыхый мааниси.

УКУК КОРГОО ЖАНА АЛ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮ

Укук коргоо иши негизинен мамлекет тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдары жана сот органдары тарабынан жүзөгө ашырыларын мурдагы сабактарда өткөнбүз. Азыр болсо бул ишти жарандар тарабынан жүргүзүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин карап көрөлү. Укук бузууларды жоюуга жана укук бузгандарды кармап, тиешелүү жазасын берип, мыйзамдуулукту камсыз кылууга атайын органдардын аракеттери жетишсиздик кылат. Ошондуктан, ар бир жаран коомго жат көрүнүштөргө каршы… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ЭЗҮҮСҮНӨ КАРШЫ КҮРӨШҮ

Кокондуктардын жылдан жылга көбөйгөн өлчөөсүз салыгы, залимдиги элет элинин жанына батып кыжырын кайнатты. Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы кыргыз элинин боштондук күрөшү XIX к. 30-40-жж. күч алган. Ал жылдарда кокондук баскынчыларга каршы Нарындын төрүн жердеген саяк уруусу катуу каршылык көрсөткөн. Анткени саяктар буга чейин Чыгыш Түркстандагы цинь-манчжур бийлигине каршы кыймылга, Жангер Кожонун Кашкарга жасаган жортуулуна такай катышып, аскердик уюмдашуу… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДАРДЫН ЖУҢГАРЛАРГА КАРШЫ КҮРӨШҮ

XV к. ойроттордун өз алдынча хандыгы түзүлгөн. XVI к. аяк ченинде ойроттор күчөп, (тыргоот, дэрбөт, хошут, чоростордон турган) «Дөрбөн ойрот» («төрт ойрот» ) союзун түзүшкөн. XVII-XVIII кк. ойрот-калмак баскынчылары Кыргызстанга кайра-кайра талоончул жортуулдарды уюштуруп турган. Теги жагынан монголдордун оң канатына тиешелүү элдерди түрк элдери илгертен эле калмактар, жуңгарлар, ойроттор деп аташчу. Ойроттор Монголиянын батыш тарабындагы кеңири аймакты ээлешкен.