Tag Archives: маданият

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ б. з. ч. 4-к мамлекетинин түзүлүшү м-н жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик ж-а рим — византиялык доорлор (б. з. ч. 332 — б. з. 642) да эсептелген. Б. Е. М-нын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына — Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири… Калганын окуу »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ЖЕТИ-СУУНУН БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАР МЕЗГИЛДЕРИНДЕГИ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУ

Борбордук Тянь-Шандын эстеликтерин талдап чыгуу Тянь-Шандын көчмөндөрү өздөрүнүн саясый, маданий жана экономикалык турмушунда, баарынан мурда, Чүй өрөөнү менен, кененирээк Жети-Суу жана Фергана менен тыгыз байланышта турганын көрсөттү. Жети-Сууну, Талас жана Чу өрөөндөрүн системалуу изилдөөлөр жана алардын биз тараптан атайын эки басылмада жыйынтыкталышы азыр бизге бул райондордун өнүгүшүндө Жети-Суу менен Тянь-Шандын көчмөн урууларынын ролу жөнүндөгү маселени коюуга мүмкүндүк берип… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН XIX К. ЖАРЫМЫ — XX К. БАШЫНДАГЫ МАДАНИЯТЫ. КОЛОНИЯЛЫК ДООРДОГУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТУУ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстандын этностук курамы анын Орусияга каратылышынан соң чукул өзгөргөн. Эми өлкөдө кыргыздардан жана Кокон хандыгы маалындагы тарыхый коңшулаштары болгон айрым өзбек, тажиктерден тышкары, Европадан орус, украин, немис, татар, башкырлардын өкүлдөрү, Чыгыш Түркстандан жана Ганьсу, Шэньси аттуу кытайлык вилайеттерден уйгур, дунган, сарткалмак элдеринин өкүлдөрү көчүп келип туруп калышкан.

XIX К АЯГЫНДАГЫ XX К БАШЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНДАГЫ ЖАҢЫ КӨРҮНҮШТӨР

Орусиянын оторчулугу астында калган Кыргызстандын калкы XIX к. акыры — XX к. башында маданияттагы бурулуш учурду баштан өткөрүп жатты. Борбордук азиялык жана чыгыш европалык цивилизациялар Ала-Тоо жергесинде бири-бирине тарыхый коңшу болуп калды.

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУ

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстандын маданияты негизинен кризистик абалда болду. Ошону менен бирге республиканын маданияты өз алдынчалыкка ээ болуп, эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алды. Жалпы гуманитардык, адамзаттык байлыктарды элибиздин талабына ылайык өздөштүрүү маданият чөйрөсүнүн приоритеттүү багыты болуп калды. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында маданий тармактын нормативдик-укуктун базасын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. 1992-ж. «Маданият жөнүндө» закон, анын негизинде «Маданият» Мамлекеттик программасы иштелип чыккан. Маданий… Калганын окуу »

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ МАДАНИЯТ

Кыргызстандан интеллигенттеринин ичинен 15736 адам согушка жөнөтүлүп, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашышкан. Тылдагы окумуштуулар мекенди коргоого зарыл согуштук-экономикалык милдеттерди чечүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Согуш башталганда республикада 13 илим-изилдөө мекемелери иштеген. Аларда 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13 илимдин докторлору 45 илимдин кандидаттары болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде эле алар өздөрүнүн иштерин фронттун керектөөлөрү үчүн жумшай башташкан. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен… Калганын окуу »

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ МАДАНИЯТ (1946-1964-жж.)

Согуштан кийинки мезгилде маданияттын өнүгүшүндө сталиндик административдик-буйрукчул система идеологиялык көзөмөлдөөнү күчөткөн. Ал үчүн калктын бир бөлүгүндө капиталисттик, феодалдык-уруучулук көз караш сакталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жүгүнүү, коммунисттик саясатты түшүнбөстүк маанай күчөп кеткен деген шылтоо ойлонулуп табылган. Партиялык жетекчи төбөлдөр өздөрүнүн бул пикирин ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө, «Чоңтурмуш» кино тасмасы жөнүндө» деген токтомдорунда негиздешкен. Бул токтомдор… Калганын окуу »

МАДАНИЙ ТУРМУШТАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАЗУУ МАДАНИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮ (XIX к. экинчи жарымы — XX к. башы).

XVIII к. кыргыздарда өтө сейрек болсо да жазуу колдонула баштагандыгын уруу башчылары Атаке бийдин, Боромбай баатырдын Россия төбөлдөрүнө жазган каттарынан билебиз. Ал кезде кыргыздар араб арибиндеги чагатай жазуусун найдаланган. Нукура кыргыз тилинде алгачкы жолу ыр жазган акындардын көрүнүктүүсү Молдо Нияз (1823-1896-жж.) болгон. Ал Оштун азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Жергиликтүү жана Кашкар шаарындагы медреселерден билим алган. Түндүк… Калганын окуу »