Tag Archives: манасчы

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы (1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. «Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К.… Калганын окуу »

АЛЫЙМАН МУСА КЫЗЫ

АЛЫЙМАН Муса кызы (1912, Ооганстандын Памиринде) — манасчы. Тажик ССРинин Тоолуу-Бадакшан автономия облусунун Мургаб районунундагы Раң-Көл кыштагында жашаган. «Манас» айтууну атасы Муса Жума уулунан үйрөнгөнүн эскерет. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Ооганстандын Памир өрөөнүн мекендеген кыргыздар да «Манас» эпосун билгендиги бул фактыдан көрүнүп турат. А. «Манасты» кара сөз менен ыр аралаш айткан. А-дан Манастын төрөлүшү, балалык… Калганын окуу »

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ (1887, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ой-Булак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Атасы Тойчубек (1853—90) да, агасы Дыйканбай (1873— 1923) да эл арасында «Манастан» үзүндү, негизинен «Семетейди» мыкты айткан адамдар катары белгилүү болушкан. А. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында иштеген жылдары эл арасына чыгып, «Манастан» үзүндүлөр айтып жүргөн. 1945—47, 1962 — 63, 1968-ж. «Манас», «Семетей», «Сейтектен»… Калганын окуу »

АКЫЛБЕК

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен А-ти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле: Назар менен Нармантай, Келдибек,… Калганын окуу »

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ (1888, азыркы ТяньШань району, Тегерек-Булак айылы — 1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон. А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган. 1936—47-ж. Кыргыз мамлекеттик… Калганын окуу »

АКМАТ ТОКТОГУЛ УУЛУ

АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн району, Кош-Этер айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон; ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат; «Манас» айтууну Келдибек Карбоз уулу менен Тыныбек Жапый уулунан угуп, үйрөнгөн экен. А. «Манас» айтканды атасынан үйрөнгөн. Андан «Манас» эпосунун… Калганын окуу »

АКМАТ РЫСМЕНДЕ УУЛУ

АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй районунундагы Шамшы айлы — 1966, ошол эле жер) — семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти. Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930- ждардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй районунундагы «Шамшы» совхозунда иштеген. А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат.… Калганын окуу »

АЙТЫКЕ

АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук,… Калганын окуу »

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү… Калганын окуу »

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика- математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже… Калганын окуу »