Tag Archives: манасчы

АБДЫЛДА ДӨӨЛӨТ УУЛУ

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70- ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630инв.). Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы,… Калганын окуу »

АБДЫКЕРИМ БЕКИ УУЛУ

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин… Калганын окуу »

МАНАСЧЫЛАР

Манасчы — адабияттык термин маанисине ээ болгон сөз. Терминдин маңызы — кесипчиликтин өзүнчө бир түрүн түшүндүрүп, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосун жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп, биздин учурубузга чейин алып келген, аны бүгүнкү көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген элдик таланттарга карата колдонулат. Манасчылык кесип мазмуну, формасы жактан фольклористикадагы сейрек көрүнүш.

ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

 ШАПАК Рысменде уулу (1863, Кочкор өрөөнү, Шамшы айылы — 1956, Кара-Суу айылы) — манасчы. ШАПАК  бала кезинен ырга, көркөм сөзгө кызыгып, аны жатка айтып берүүгө абдан шыктуу болгон. Шапактын  «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары ШАПАК  он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош… Калганын окуу »

ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ

ЫБЫРАЙЫМ  Абдыракман уулу (1888, азыркы Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1967, Ат-Башы району, Пограничник айылы) — манасчы, белгилүү «Манас» жыйноочу жана фольклорчу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948). 1905-ж. Караколдогу «Жаңы тартип» мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Алматы, Фрунзе шаарында мугалимдик курста окуган. 1939ж. Фрунзедеги педагогика институтунун 2 жылдык адабий факультетин бүтүргөн. «Манас» эпосунан тартып элдин тарыхый, маданий көркөм мурастарын… Калганын окуу »

ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ

XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев  «Манас” эпосун айтып жатканда окуянын жүрүшүнө карата бир укумуштуудай обонго салып, бирде тоо дарыясындай буркан-шаркан түшүп, бирде сыдырым желдей мемиреп, бирде ботосун жоготкон ингендей боздоп, ар бир каармандын кулк-мүнөзүн кереметтүү сүрөттөп айтканына заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов убагында өтө жогору баасын берген эле. — Миң жылдаган тарыхый энчини Саякбай Каралаев баштан-аяк өздөштүрүп, баштан-аяк түгөл жат билип. Өлбөс-өчпөс төрт чыгараманын… Калганын окуу »

КУМАР УУЛУ БАЛЫК

КУМАР  уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө  өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте  өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта  өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн басып алган Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элден ар түрдүү чыгымдарды мал түрүндө жыйнап, Коконго жөнөтүп турган.… Калганын окуу »

МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ

МАМБЕТ  Чокмор уулу (1896, Тоң  р-ну  –  1973)  –  манасчы. Ал  өз вариантын жаздырып жүргөн учурда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай: «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты” өз дилинде айтпаса, жаттап бирөөдөн үйрөнүп алууга болбойт” – деген. Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың” деп кыстаганынан кийин гана «Манас” айтып калгандыгын эскертет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп,… Калганын окуу »

УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВ

АМБЕТАЛИЕВ Уркаш (1934-ж. т., Түп р-ну) – акын жана  манасчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бишкектеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореографиялык окуу жайын бүткөн. Акындын «Манас” айтуу  өнөрүнө  чейин анын поэзия чебери катары изденүүсү  жөнүндө  айта кетүү  орундуу. Студияда окуп жүргөн кезинде азын-оолак ырларды жазып,  өзү  теңдүүлөрдүн арасында белгилүү  болгон. Ошону менен катар «Жоодарбешим”, «Сейитбек”  өңдүү  элдик чыгармаларды  өздөштүргөн. Кийин «Манастан”  үзүндүлөрдү  С. Орозбаковдун варианты боюнча  жаттап айтып жүргөн. Акындын бүгүнкү  күндө 6–7 ырлар жыйнагы жарык… Калганын окуу »

CАГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ

САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867 же 1868, Ысыккөл р-ну)  – Кыргыз элине кеңири белгилүү  болгон чоң  манасчы,  – Сагымбай Орозбак уулунун туулган жылы так маалымат эмес, манасчы өзү өлөр жылы 63 жаштамын дечү экен. Ошол сөзгө таянып 1867-ж. туулган делип жүрөт. Эгер манасчы өз жашын кыргыздардын жыл сүрүү эсеби боюнча  айтса, анын чын жашы 63 эмес 62, ал эми туулган жылы 1868-ж. болот. Сагымбайдын атасы… Калганын окуу »