МОГОЛСТАН
МОГОЛСТАН – Чагатай улусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө 14-к-дын орто ченинде түзүлгөн өз алдынча мамлекет. Чыңгыз хандын империясы түзүлгөндөн тартып, моңголдордун башкаруучу ж-а аскердик төбөлдөрү бири-бирине каршы эки топко бөлүнүшкөн. Алардын бир бөлүгү (Чагатай, Күйүк, Барак) моңголдордун турмуш-тиричилигин, салт-санаасын ж-а жашоонун көчмөн образын тутунушкан. Алар отурукташкан аймактардын калкын талап-тоноонун эсебинен күн көрүүнү ж-а шаарларды кыйратып, жайыттарга айландырууну көздөгөн. Экинчи топтогулар… Кененирээк »