Tag Archives: Молдо

ТОГОЛОК МОЛДОНУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ.

Заманыбыздын залкар акыны Т.Молдо биринчилерден болуп балдар үчүн чакан көлөмдөгү ырлардан тартып, көлөмү жагынан чоң элдик уламыштарды поэмаларга чейин иштеп, реалисттик эпикалык чоң чыгармаларга дейре жазган жазгыч акын. Кат-сабаты жоюлгандыктан өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө билген. Айрыкча анын балдарга арнап жазган чыгармалары акындын атын балдар адабиятынын негиздөөчүсү катары көкөлөтүп, кыргыз балдар адабиятынын тарыхында эң жаркын ысым катары кала… Калганын окуу »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн. Азыр бул жер Нарын областы, Кочкор районуна караштуу «Осо-Авиахим» айылы. Бул айылдын мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары — Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, ал Төрөкелди уулунун бейити деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.

МОЛДО НИЯЗ

Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы административдик бөлүнүш боюнча Ош областындагы Кадамжай районуна караштуу КызылБулак кыштагынын Ак-Суу бою Ак-Кыя деген жеринде  туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген урукка кирет. Анын алтынчы атасынан наркы аталарына «бий» деген наам кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий,… Калганын окуу »

ТОГОЛОК МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДРАХМАНОВ)

Жазгыч акын Тоголок Молдонун жарык дүйнөгө келиши кыргыз калкынын тарыхындагы кыйын кырдаалга туш келет. Уруулардын ортосундагы тынымсыз чыр-чатактан Цин провинциясынын, Кокон хандыгынын кысымынан жабыркаган кыргыз башкаруучулары Россия падышачылыгына кайрылууга аргасыз болот.

ТОГОЛОК МОЛДО

Тыйаншандын булагындай тунук, сонун таланттарды берген азыркы убактагы Кыргыз ССРинин Тыйаншан виллайетиндеги (облусундагы) Куланак деген жерде туулган, кыргыздын улуу акындарынан болуп саналган Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулунун) туулганына быйыл 100 жыл толуп олтурат. Тоголок Молдо деген атты жана атакты акын, өзүнүн кат таанып, билимдүү болгондугунан жана өзүнүн чыгармаларын кол жазма менен калкка таркаткандыгынан алган болучу. Акын узак өмүр… Калганын окуу »

МОЛДО БАГЫШ

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886–1937, Аксы р-ну) –  төкмө жана  жазгыч, акын. Айылдагы Асан молдодон сабак алып аны: «Асан молдо устатым, Билимине канамын. Арапча жазып арипти, Такшалып күндө  барамын  –  деп ырга кошкон. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай  Ташдөбө  (Караван), Заркен, Жаңыкоргон, Наманган түрмөлөрүндө  жатып, андан кийин Сибирге (Каратандыга) сүргүнгө  айдалган. Сүргүндө  жүрүп Беломор каналын… Калганын окуу »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл… Калганын окуу »

МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ

МОЛДО НИЯЗ  Эрназар  уулу (1823, Кадамжай р-ну  –1898)  –  жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст  – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына «бий” деген  сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип, кийин жардыланып калган. Мис., бешинчи (бабага)… Калганын окуу »

МОЛДО САЙПИДИН АКСИКЕНТИ

МОЛДО САЙПИДИН  Аксикенти (кол жазма боюнча  таанылган аты Сайф-ад-дин ибн Дамулло Шах Аббас Аксикенти Аксы р-ну – 16-к-н. 1503–1504-ж-дын биринде ошол эле Аксикентиде каза болгон) – кыргыз ойчулу, туңгуч тарыхчы жана  «Манастын” кара сөз түрүндөгү  текстин биринчи жолу 1503-ж. кагазга түшүрүп бүткөн манасчы, «Манас” иликтөөчү. Кыргыздын оң, сол жана  ичкилик болуп бөлүнүшүн, Ак уул, Куу уулдардын бөлүнүшүн 22-23 аталарына чейин атап, мындан 5… Калганын окуу »