МҮНӨЗДӨМӨ
Мүнөздөмө жетекчилик тарабынан мекеме, уюм, ишкананын кызматкерине берилген расмий документ болуп саналат. Анда кызматкердин же адистин кесиптик, коомдук, илимий ж.б. ишмердиги, ошондой эле ишмердик жана моралдык сапаттары чагылдырылат. Мүнөздөмө адистин суранычы боюнча атайы окууга кирүү, башка ишке которулуу, кызматтык жогорулоо, сунуштоо максатында жазылат. Мүнөздөмөнүн мазмунунда ишти качан баштаганы, ишиндеги жылышуулары, артыкчылыктары, билимин өркүндөтүшү боюнча маалымат камтылып, сыйлыктарына (эгер болсо, жазаларына) түшүндүрмө берилет. Мүнөздөмөнүн жазылыш максаты,… Кененирээк »