ОРМОН ХАН
ОРМОН хан Ныязбек уулу (1791–1854) – 19-кылымдын ортосунда кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттенген саясий ишмер. 18 жашынан согуштук жүрүштөргө катышкан. Ормон хандын өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга – кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келди. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган. Анын атак- даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөйт.… Далее »