Tag Archives: оюуу

СЫНПОСТОО

СЫНПОСТОО — шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюм- чийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага, чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп, аны оор нерсе менен бастырып,… Кененирээк »

САЙМА КӨЧӨТҮ

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук жол-жобосун сакташат. Мында да боек, (өң, түс) бирден-бир мааниге ээ болот. Саймачылар негизинен кызыл-көктү, кызыл-сарыны, кызыл-жашылды,… Кененирээк »

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ— Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускалары азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн эмки муундар музейлерден… Кененирээк »