Tag Archives: революция

РЕВОЛЮЦИЯ

РЕВОЛЮЦИЯ – коомдун саясий турмушундагы түп тамырынан бери болгон көңтөрүш; анын жүрүшүндө мамлекеттик  бийликтин жана менчиктин үстөмдүк кылган түрүнөн алмаштырылышы ишке ашат. Р. жаңы, прогрессивдүү түзүлүшкө  өтүү, экономикалык жана саясий турмуштун эскилиги жеткен структураларын тез арада жана чечкиндүү түрдө жок  кылуу менен коштолот. Р. – конкреттүү-тарыхый кубулуш. Коомдо адамдардын чоң социалдык топторунун ортосундагы  антагонисттик терең карама-каршылыктардын болушу менен… Кененирээк »

ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

Россиядагы 1917-ж. буржуазиялык-демократиялык февраль революциясы Россияда жашаган бардык элдердин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Анткени бул революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген. Саясий партиялар подпольеден чыгып, басма сөз эркиндик алган. Башка саясий камактагылар менен катар кыргыз элинен чыккан биринчи профессионал революционер-большевик Таабалды Жукеев (А. Пудовкин) да түрмөдөн бошотулган. Революциянын демократиялык республиканы орнотуу, жерди мамлекеттештирүү, сегиз сааттык жумуш… Кененирээк »