Tag Archives: республика

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

Дүйнөлүк экинчи согуш аяктагандан кийин дүйнө элдери Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) түзүшкөн, анын башкы максаты эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо жана чыңдоо, мамлекеттер ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү болуп эсептелет. Бир нече өлкөлөрдө эле адам укуктары одоно түрдө бузулса, бүткүл дүйнө кандуу согушка тартылып калышы мүмкүн экендигин фашизмдин мисалы ачыкайкын көрсөттү. Ал эми жер жүзүндөгү тынчтык кырдаал айрым өлкөлөрдө… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК. БИЙЛИКТИ БӨЛҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 3-4-пункттарында Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы, эл өз бийлигин түздөнтүз, ошондой эле мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт деп көрсөтүлгөн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, укуктук, унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Республикабыздын негизинин бул башкы аныктамасын кандай деп түшүнүү керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК

Кыргыз республикасы түзүлгөнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу түшүнүк Кыргыз улуттук мамлекетинин калыптанышы жана түзүлүшү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы болуп эсептелет. «Конституция» деген сөз латынча «сonstitution (орнотуу, түзүлүш) деген сөздөн келип чыккан. Конституция негизги мыйзам катары адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын укуктарын жана милдеттерин, мамлекеттин түзүлүш формасын, мамлекеттик органдардын тутумун белгилеп, аларды түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК САЯСИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ӨСҮШҮ

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз Республикасы тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн элинин кызыкчылыгын коргоо, жаңы демократиялык, укук туткан мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Кыргызстан тышкы саясаты: тынчтыкты, Кыргыз Республикасынын чек араларынын туруктуулугун сактоо; КМШнын жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чындоо; КМШдагы улут аралык… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ РЕСПУБЛИКАСЫ. КЫРГЫЗ ССРин ЖАРЫЯЛОО

Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын уюштуруу съездинде эле (1925-ж. марты) ага катышкан делегаттар союздук өкмөткө Кара-Кыргыз Автономиялуу областын Кыргыз автономиялуу областы деп кайра атоо сунушу менен кайрылган. Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин 1925-ж. 25-майдагы чечими менен област Кыргыз Автономиялуу областы болуп аталган. Ушул эле уюштуруу съездинде делегаттар автономиялуу областты Кыргыз Автономиялуу Республикасына айландыруу өтүнучү менен да кайрылышкан болчу. Бүткүл Россиялык… Калганын окуу »