Tag Archives: сайма

САЙМА КӨЧӨТҮ

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук жол-жобосун сакташат. Мында да боек, (өң, түс) бирден-бир мааниге ээ болот. Саймачылар негизинен кызыл-көктү, кызыл-сарыны, кызыл-жашылды,… Кененирээк »

КУРАКЧЫЛЫК

КУРАКЧЫЛЫК — бычмачылык — тикмечилик өнөрүнүн бир түрү. Бул термин айрым аймактарда «курама» деп да аталып жүрөт. Анын негизги себеби, бир боордош өзбек, тажик элдери менен бул ичкилик кыргыздардын эзелтен этнографиялык тыгыз байланышта экендигин күбөлөндүрөт. Куракчылык — илгертеден калган жасалга өнөрү. Ал — ата-бабадан калган салт. Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты. Илгертен курак ыкмасы менен кооздолгон… Кененирээк »

КӨПТҮРМӨ САЙМА

КӨПТҮРМӨ САЙМА — ийне сайманын бир түрү. Мында жердикке түшүрүүчү учуна жипти эң майда кылып сайса, ал бирдей түшүрүлөт. Сайма тик бурчтуктанып, оюм-чийимдин ийине ойдогудай түшпөй калышы да мүмкүн. Көптүрмө саймага түшкөн көчөттүн көрүнүшү чийге, килем бетине жана өрмөккө берилгендей «сындырылып» кетет. Ошондо жердиктин эки бетине сайма бирдей түшүүсү тийиш. Муну менен «сүлгүнү», «бет аарчыны» (жүз аарчыны), «керебетке… Кененирээк »

ИЛМЕ САЙМА

ИЛМЕ САЙМА — (шибеге сайма) — элдик сайманын нукура түрү. Анын аспабы — жыгач керме жана илме шибеге. Мында уздун колунда илме шибеге кергичтин алдынан сол колун алып, жибек жип шибегеге илинет да, кездемеден тырс-тырс өтөт. Сайманын жаңы аспабы бар. Бул илме сайма машинасы (тамбарный шов) деп аталат. Ал тигүү машинасына окшошуп, тигиш кездеменин сыртына калкып, түшкөн сайманын… Кененирээк »

ИЙНЕ САЙМА

«Беши жубан, беши кыз, Мелдешип ийне сайышкан, Беш жубандын ичинде, Беш манжасы майышкан». (Калык) Бул — сайманын бир түрү. Ийне сайма — жөрмөп саюу. Ичке ийне менен сайма сайса, сайым элпек кетет да, түшкөн көркөм көчөт ошончолук сыйда көрүнөт. Мыкты саймачылар учуктук жипти кыска сапташат. Бул ийнени сайып, учукту тартууда анча чубалжып чачышпайт. Адатта, жипти оң кол менен… Кененирээк »

БАСМА САЙМА

БАСМА САЙМА — Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш… Кененирээк »