Tag Archives: Сартбай

САРТБАЙ БӨЛӨКБАЙ УУЛУ

САРТБАЙ  Бөлөкбай уулу (1839  –  Талас  өрөөнү, 1919)  –  акын. Сартбай  өз доорунун күчтүү  акындарынын бири болсо да, изилдөө  алкагына  өтө  кеч кирген. Теги  –  кедей, чоң  уруусу  –  жушчу, уругу  –  кенчим, анын ичинен тагаймат  – жетигенден. Токтогул баштаган көп акын, комузчулардын устаты болуптур. Ал акын гана эмес, ар багыттагы  көркөм өнөрдүн ээси болгон: ырчы, обончу, күүчү, комузчу, кыл кыякта да чебер ойногон. Токтогул акындык  өнөрдүн көп жактарын Сартбайдан  үйрөнгөн: Устаты да «Көзүм  өткөндөн кийин ордумду Токтогул ээлейт”  –  деп,  өнөрлөшүнүн талантын жогору… Кененирээк »