Tag Archives: ССР

ЖАҢЫ ДООРДОГУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (1964—1990-жж.)

Калктын билим деңгээлин көтөрүүдө жалпы билим берүүчү мектептердин ролун жакшы түшүнгөн партиялык-мамлекеттик жетекчилик сегизинчи беш жылдыкта (1966-1970-жж.) жалпыга милдеттүү орто билимге өтүүнү, ал эми тогузунчу беш жылдыкта (1971-1975-жж.) бул ишти толук аяктоо милдетин койгон. Кыргызстанда бул милдетти аткаруу үчүн биринчи кезекте жалпы билим берүүчү мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого көңүл бурулган. 1966-1985-жж. республикада 756 миң орундуу 859 мектеп курулган.… Калганын окуу »

АДАБИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО (1964-1990-жж.)

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган. 1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы… Калганын окуу »

«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА (1985—1990-жж.)

Өлкөнүн экономикасын кайра куруу башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүү менен башталган. Мунун натыйжасында ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1986-ж. чарба жүргүзүүнүн бул ыкмасына республикада өнөр жайдын продукциясынын 70 пайызын өндүргөн 125 ишканасы жана бирикмелери өтүшкөн. Аларда Кыргызстандын өнөр жайында эмгектенген жумушчулардын теңинен көбү иштешкен. 1987-ж. баштап… Калганын окуу »

1917—1940-жж. ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл агартуу комиссариаты түзүлүп, жер-жерлерде элге билим берүү бөлүмдөрү иштей баштаган. Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрүнөн элге билим берүү Советтери түзүлүп,… Калганын окуу »

ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМДИН КҮЧӨШҮ. МАССАЛЫК ЖАЗАЛООЛОР

СССРде тоталитардык системанын өнүгүшүнө объективдүү жана субъективдүү мүнөздөгү көптөгөн факторлор себеп болгон. Россияда көп кылымдар бою падышачылык бийликтин үстөмдүк кылышы, демократиялык башкаруу салтынын жоктугу бул системанын калыптанышын шарттаган. 1934-ж. чейин Совет бийлигинин жана «элдин душмандары» партиядан чыгаруу, кызматтан алуу менен гана жазаланган. Партиянын XVII съездинен кийин И. Сталин өзүнүн оппоненттерин жок кылууга өткөн. Ал үчүн 1934-ж. 1-декабрда С.… Калганын окуу »

ТЫЛДАГЫ КҮЖҮРМӨН ЭМГЕК

Согуштун башталышында эле Кыргызстандын өнөр жай тармагы согуштук заказдарды аткарууга өткөн. 1941 -ж. июнда эле Фрунзедеги механикалык завод фронттун атайын заказын чыгара баштаган. Андагы жумушчулар өндүрүштүн согуштук түрүн өздөштүрүү менен күндүк нормаларын 200400 пайызга аткарууга, айрымдары эки, үч сменада иштөөгө өтүшкөн. Кадамжайда стратегиялык мааниси бар сурьма кенин өндүрүү күч алып, андагы жумушчулардын 65 пайызы стахановчулардан болуп калышкан. Кыргызстандын… Калганын окуу »

БҮЛҮНГӨН ЭЛ ЧАРБАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ (1946-1964-жж.)

Өлкөнүн согуш жүргөн батыштагы региондорунан айырмаланып Кыргызстандын эл чарбасы алсыраган менен кыйроого учураган эмес. Тескерисинче, согуш жүргөн региондордон эвакуацияланган ишканалардын эсебинен республиканын өнөр жайы бир кыйла өскөн. Согуш шартына ылайык негизинен фронтко продукция өндүргөн өнөр жайды эми тынчтык курулушуна которуу милдети турган. 1946-ж. баштап Кыргыз ССРинин өнөр жайы толук бойдон тынчтык турмушка ылайыкташып эл чарбасы, эмгекчилер үчүн керектүү… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЮНТАРИСТТИК РЕФОРМАЛАР МЕЗГИЛИНДЕ (1953-1964 жж.)

Кыргызстандын тарыхында, бүткүл өлкө сыяктуу эле 50-жж. өзгөчө орунду ээлейт. Анткени 1953-ж. мартта И. Б. Сталиндин дүйнөдөн өтүшү менен «сталиндик социалисттик өнүгүү доору» аяктаган. Ал өлгөндөн кийин ал негиздеп, башында турган тоталитардык система бир аз жумшартыла баштаган. Социалисттик демократияны өнүктүрүү үчүн аракет байкалган. 1953-ж. сентябрда Н. С. Хрущев КПСС БКнын биринчи секретарлыгына шайланып, өлкөдө Сталиндин керт башына сыйынуунун кесепеттерин… Калганын окуу »

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.)

50-жж. Н. С. Хрущев баштаган реформалар 60-жж. башында өзүнүн күчүн жоготуп солгундай баштаган. Өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн. Советтик, партиялык төбөлдөрдүн СССРде «коммунизмди кеңири куруу» жөнүндөгү урааны негизсиз экендиги айкын болгон. Н. С. Хрущев 1964-ж. КПСС БКнын биринчи секретарлыгынан жана СССР Министрлер Советинин председателдигинен бошотулган. КПСС БКнын биринчи секретарлыгына Л. И. Брежнев шайланып, СССР Министрлер Советинин председателдигине А. Н. Косыгин дайындалган.… Калганын окуу »

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕ ӨНӨР ЖАЙДЫН ӨНҮГҮШҮ (1964-1985-жж.)

1965-ж. өлкөдө эл чарбасын реформалоо башталган. Бул реформа анын активдүүдемилгечиси СССР Миңистрлер Советинин төрагасы А. Н. Косыгиндин атынан косыгиндик реформа делип аталып калган, Реформа боюнча Н. С. Хрущев тарабынан уюштурулган Эл чарба Советтери жоюлуп, тармактык миңистрликтер калыбына келтирилген. Реформага ылайык ишканалардын иштерине айрыкча кийлигишүүтоктогон. Ишканаларга жогору жактан берилүүчү көрсөтмөлөр, план ташпырмалар азайган. Продукция өндүрүүдө ишканалардын материалдык кызыкчылыктарын көтөрүүгөаракеттер жасалган. Ал үчүн өнөр жай ишканаларын дотациялабастан,… Калганын окуу »