Tag Archives: сөз

ТӨЛ СӨЗДӨРДҮ ТАРЫХЫЙ АСПЕКТИДЕ КАРОО

Адам сезиминде чагылдырылган түшүнүк сөз менен белгиленет. Сөздүн тыбыштык түзүлүшү – турпат, билдирген туюнтмасы – мазмун. Мазмун турпаты менен таанылат. Турпаты жок мазмун, мазмуну жок турпат болбойт. Бул экөө бир жашап, тең жүргөнү менен булар да өзгөрүлөт.

СӨЗДӨРДҮ СЕМАНТИКАЛЫК МААНИЛЕРИНЕ КАРАТА БӨЛҮШТҮРҮҮ.

Байыркы убактан тартып туугандык, үй-бүлө куруу (никелешүү) жагынан түрк жана монгол элдеринин окшоштуктары бар. Бир уруудан тараган эркек бала менен кыз бала арадан жети ата өтмөйүнчө үйлөнүүгө акысы болгон эмес, алар үйлөнгөнгө чейин да, үйлөнгөндөн кийин да ырым-жырымдарды толук сакташкан.

СӨЗ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ. ҮНСҮЗДӨРДҮН ЖАЙГАШУУ ОРДУ

Кабыл алынган чет сөздөрдүн мааниси ал элдердин маданий таасирин белгилейт. Мисалы: араб тилинен динге байланыштуу окуу, тарбия иштерине тиешелүү абстрактуу жана конкреттүү маанидеги сөздөр алынса; иран тилдеринен кыргыз лексикасына чарбачылыкка соода-сатыкка, дыйканчылыкка тиешелүү сөздөр алынды.

ОРУС ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

Тилдердеги лексикалык карым-катыш адам коомунун бардык мезгилинде географиялык чөйрөгө жараша болуп келген. Байыркы адамдар да чет тилде сүйлөгөн, калктар менен беттешип калганда алардын тилин билүүгө мажбур болушкан. Байыркы орус тайпалары христиан динин кабыл алганга чейин эле, чектеш жашаган түрк уруулары менен аралашып, мал багып, жер айдап, бири-бири менен соода кылып турушкан.

ЛЕКСИКАДАГЫ ТӨЛ СӨЗДӨРДҮН ТЕКТЕШТИГИ

Г. Д. Санжеев монгол тилиндеги түрк сөздөрүн, ошондой эле түрк тилдериндеги монгол сөздөрүн фонетикалык белгисине карай ажыратуу мүмкүн эмес, морфологиялык белгисине жараша ажыратуу керектигин айтат.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАБЫЛ АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ДИАХРОНДУК, СИНХРОНДУК АБАЛЫ

Кыргыз тилине араб жана иран тилдеринин генеалогиялык жакындыгы жок, булар – ар башка системадагы тилдер. Ошондуктан, бул тилдерден алынган сөздөр түзүлүшү жактан туунду, же татаал сөз болсо да, алардын морфемалары кыргыз тилине таанылбайт.

ИРАН ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

«Иран» деген термин орто кылымдагы «эран», тажик тилинде еран, парсы тилинде иран, биздин заманга чейин жашаган арйа (арийа) деген фарсы тилинде сүйлөөчү этникалык уруунун атынан пайда болгон. Азыр фарсы тилинен таралган бир канча тилдерди бириктирүүчү термин катарында колдонулуп келе жатат.

БАШКА ТИЛДЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ӨЗДӨШТҮРҮЛҮШҮ

Октябрь революциясынан кийин кыргыз тили орус тилинин эсебинен өз лексикасын байытып, анын артынан фонетикасы акырындап прогресске бара жаткандыгы басмада белгиленип келе жатат. Тилдеги жаңылыктар ар дайым эскинин жок болушун күтүп турбайт.

АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ФУНКЦИЯСЫ

Турмуш, тиричиликте дайым колдонула турган кызматы көп сөздөр: акыйкат, азап, айып, доор, жыныс, залал, каат, кадыр, кайрат, кубат, карып, каржы, карыз, касиет, кыял, мазак, максат, мурас, мүнөт, сабыр, талап, тарап, урмат, шарт ж. б. Коомдук иштерге катышкан терминдер: адап, залым, зулум, илим, насиат, осуят, өкүл, өкүм, сапар, саясат, саякат, тагдыр, тарбия, укук, мамлекет, мекеме: дөөлөт, идара.

АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» араб тилинин таасиринде пайда болгон сөздөр –2177, бул сөздүктүн 5,57% барабар. Кыргыз ысымдарында да араб сөздөрү көп кездешет. Түрк калкына, анын ичинде Кыргызстанда араб тилинин лексикасы менен ислам дини X–XI кылымдарда эле тарала баштаган деп болжоо керек.