Tag Archives: тарых

“1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШТҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА КЫРГЫЗ МАНАПТАРЫНЫН ОРДУ”

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири — 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелинет. Орус баскынчыларынын колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин бул көтөрүлүшү жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет. Албетте, орус… Калганын окуу »

ФИЛОСОФИЯНЫН ТАРЫХЫ

ФИЛОСОФИЯНЫН ТАРЫХЫ (история философии) — социомаданий билимдин философиялык идеялардын пайда болуу ж-а өнүгүү процессин сүрөттөп жазып гана тим болбостон, аны илимий негизде түшүндүргөн, баалаган синтетикалык тармагы. Философиялык системалар келип чыгуусу ж-а маани-маңызы б-ча өз доорунун тажрыйбасын жалпылап, илимий корутундулаган окуулар болгондуктан, өзгөчө тарыхый болмушка ээ. Ошону м-н катар эле философиялык окуулар белгилүү бир мезгилдин чегинен чыкпайт ж-а түбөлүктүүлүккө… Калганын окуу »

ТӨЛ СӨЗДӨРДҮ ТАРЫХЫЙ АСПЕКТИДЕ КАРОО

Адам сезиминде чагылдырылган түшүнүк сөз менен белгиленет. Сөздүн тыбыштык түзүлүшү – турпат, билдирген туюнтмасы – мазмун. Мазмун турпаты менен таанылат. Турпаты жок мазмун, мазмуну жок турпат болбойт. Бул экөө бир жашап, тең жүргөнү менен булар да өзгөрүлөт.

ТИЛДИН ТАРЫХЫ

Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат.

АДАБИЯТ ТАРЫХЫ – ЭЛ ТАРЫХЫ

Ондогон кылымдарды карытып, жалпы адам баласынын оомалуу-төкмөлүү, тарыхый жолунда өзүнө гана таандык из калтырып, тириликтин машакаттуу жолун басып, жашоонун өзгөчө татаал чыйырындагы миңдеген тоскоолдуктардан өтүп, өмүр-өлүм үзөңгүлөш жүргөн далай кагылыш-кармаштарды баштан кечирип, өз атын, өзгөчө белгилерин жоготпой сактап, келе жаткан түптүү элдин кыргыздардын урпактарга калтырган баалуу байлыктарынын бири – оозеки көркөм чыгармачылыгы.

XIX КЫЛЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX КЫЛЫМДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

XIX кылымдын экинчи жарымы — XX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз жазуулары дегенде биз негизинен ошол мезгилге туура келген кыргыздын белгилүү тарыхый адамдарына коюлган эстелик таштарга чегилген жазуулар жөнүндо айталы деген ойдобуз.

XVI-ХVII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Тянь—Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети—Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети—Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Та‘рйх—и Рашиди» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда1541—1544-жж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат.

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ

Тянь-Шань деп аталган «асман тиреген» тоолордун кыйыры чексиз. Анын түбөлүк кар менен мөңгү баскан бийик чокулары тоолордун этек-жакаларын байырлаган элдердин миңдеген жылдарга созулган тарыхынын күбөсү. Тянь-Шань өзүнүн өрөөндөрү менен капчыгайларында өткөндүн даңазалуу маданияты жөнүндө эскерүүлөрдү сактап турат. Мында миңдеген жылдар бою ар түрдүү элдер жашап, турмуш-тиричилигин өркүндөтүшкөн, бул жерде чыгармачыл маданий турмуш булактай оргуштап кайнап турган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет103. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Энесай кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу.