Tag Archives: тарыхчы

МАХМУД КАШГАРИ

(Махмуд ибн Хусейин ибн Мухамед) Дүйнөлүк мааниге ээ «Түрк тилдеринин сөздүгүнүн «Дивани лугат ат-түрк» автору — Махмуд Кашгари. Ал 1029—30-жылдары Ысык-Көлдүн жээгиндеги байыркы Барскоон калаасында туулган. Кашкар жана Багдад калааларында билим алып, түрк тайпалары жашаган жерлерди кыдырып, алардын тилин, турмуш-тиричилигин, каадасалтын, ой-санаасын, тарыхын жакшы билип, өздөштүрүп, илим үчүн эң керектүү материалдарды жыйнап, Багдад окумуштуусу Халил бир Ахмеддин «Китаб… Кененирээк »

АКАДЕМИК В.В.БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында»2 атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары… Кененирээк »

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

Кыргыздын белгилүү патриот уулдарынын бири, тарыхчы, элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу, изилдөөчү жана акын Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кеминдеги, мурдагы аталышы боюнча Экинчи Жантай айылында, Аюке уругунда (азыркыча Тегирменти айылында) жарды үй-бүлөдө туулган. Наристе жарык дүйнөгө келбей жатып үч ай илгери атасы Солтонкелди көз жумуп, апасы Кыргый эски салт боюнча Солтонойдун никесине өтөт. Ошондон улам Солтонкелди уулу аталбастан, Солтоноев болуп… Кененирээк »

КЫРГЫЗДЫН АЛГАЧКЫ ТАРЫХЧЫЛАРЫ ЖАНА АГАРТУУЧУЛАРЫ

Кыргызстандын Россияга каратылышынын натыйжасында мурунтан эле ал жакта жашаган мусулман, түрк элдери менен кыргыздардын байланышы күчөгөн. Өзгөчө татарлар менен башкырлар кыргыздарга боор тартып элибиздин маданиятынын өнүгүшүнө, илим изилдөө иштерине түрткү беришип, кыргыздан чыккан чыгармачыл адамдарды колдошуп, эмгектерин басмадан чыгарууга жардамдашышкан. Алардын бири кыргыздын тунгуч жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу эле. Кыргыздын дагы бир ири тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу… Кененирээк »

ЧОКАН ВАЛИХАНОВ

ВАЛИХАНОВ  Чокан  (1835, Казак Респ.  –  Жетикөл р-ну  –  1865) туңгуч казак илимпозу  –  этнограф, фольклорчу, тарыхчы, тилчи, агартуучу. 1847-ж. Омскидеги кадет корпусуна окууга алынып, аны 1853-ж. 18 жашында ийгиликтүү бүтүрүп, аскердик ишин Батыш Сибирге генерал-губернатордун  адьютанты болуудан баштаган. Ишине так, чынчыл, калыс, зээндүү, кеңири билимге ээ, көп тилдерди (чагатай, араб, уйгур, немец, француз) билген жаш офицер, ишенимдүү колунан көп иш келген кадр катары орус дминистрациясынын жогорку мансаптагы… Кененирээк »

МОЛДО САЙПИДИН АКСИКЕНТИ

МОЛДО САЙПИДИН  Аксикенти (кол жазма боюнча  таанылган аты Сайф-ад-дин ибн Дамулло Шах Аббас Аксикенти Аксы р-ну – 16-к-н. 1503–1504-ж-дын биринде ошол эле Аксикентиде каза болгон) – кыргыз ойчулу, туңгуч тарыхчы жана  «Манастын” кара сөз түрүндөгү  текстин биринчи жолу 1503-ж. кагазга түшүрүп бүткөн манасчы, «Манас” иликтөөчү. Кыргыздын оң, сол жана  ичкилик болуп бөлүнүшүн, Ак уул, Куу уулдардын бөлүнүшүн 22-23 аталарына чейин атап, мындан 5… Кененирээк »