Tag Archives: тери

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ — кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат. Бул «малмага салуу» же бодонун терисин «ашаткыга салуу» деп аталат. Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кайберендин, кээде майда… Калганын окуу »

ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР, ТЕРИЧИЛИК

(Теричилик) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюм- тайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу. Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын… Калганын окуу »

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот. Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам… Калганын окуу »

СЫНПОСТОО

СЫНПОСТОО — шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюм- чийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага, чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп, аны оор нерсе менен бастырып,… Калганын окуу »

КҮДӨРҮ КАЙЫШ

«Чын күдөрү болсун деп, балбандарга тарттырган» (эл ыры). Бул — колдо иштетилген кол булгаарынын бир түрү. Айрым чеберлер толгоп тар’ тып, керип чоюп, талкууга коюп да ийлешкен. Иштетүүгө ийкемдүү кайыш. Илгери сыйрылган теринин түгүн дароо кырып, чийкилей да ийлешкен. Ийи жеткен мындай эң жука кайышты боекко салат. Андан кийин анын ички бетин түрдүү миздүү таракча менен кайчылаш утур-тетир… Калганын окуу »

КАЙЫШ

«Сылап -сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү» (Тоголок Молдо). Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга, тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү боо, камчы өңдүүлөрдүн бөлүктөрү бүтүндөй териден турат. Үй жыгачтарын көктөөдө, чарык, кепич, маасы сыяктуу бут кийимдерин тигүүдө, кур,… Калганын окуу »

БУЛГААРЫ

БУЛГААРЫ — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып, жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү болуп, булар ич ара көркөмдүктү түшүрүүгө өтө оңтойлошот. Ошого карап, чийилген эскиздеги кооздук түшүрүлөт. Натыйжада, эскиздердин негизинде булгаары… Калганын окуу »