Tag Archives: тил

ТИЛ

ТИЛ — адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Т-дин жардамы м-н дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Т. табигый ж-а жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу Т. табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. Т.-социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн… Калганын окуу »

ТИЛДИН ТАРЫХЫ

Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат.

ТИЛДЕРДИН ЛЕКСИКАЛЫК КАРЫМ-КАТЫШЫ

Тилдик катнаштын каналдары көп. Башка тилдерден сөз алуу – сөздүктү байытуунун бир булагы. Дүйнөдө башка тилдер менен контакт түзбөгөн же лексикасы чет тил элементтеринен таза турган бир да тил учурабайт.

СӨЗДӨРДҮ СЕМАНТИКАЛЫК МААНИЛЕРИНЕ КАРАТА БӨЛҮШТҮРҮҮ.

Байыркы убактан тартып туугандык, үй-бүлө куруу (никелешүү) жагынан түрк жана монгол элдеринин окшоштуктары бар. Бир уруудан тараган эркек бала менен кыз бала арадан жети ата өтмөйүнчө үйлөнүүгө акысы болгон эмес, алар үйлөнгөнгө чейин да, үйлөнгөндөн кийин да ырым-жырымдарды толук сакташкан.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАБЫЛ АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ДИАХРОНДУК, СИНХРОНДУК АБАЛЫ

Кыргыз тилине араб жана иран тилдеринин генеалогиялык жакындыгы жок, булар – ар башка системадагы тилдер. Ошондуктан, бул тилдерден алынган сөздөр түзүлүшү жактан туунду, же татаал сөз болсо да, алардын морфемалары кыргыз тилине таанылбайт.

ИРАН ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

«Иран» деген термин орто кылымдагы «эран», тажик тилинде еран, парсы тилинде иран, биздин заманга чейин жашаган арйа (арийа) деген фарсы тилинде сүйлөөчү этникалык уруунун атынан пайда болгон. Азыр фарсы тилинен таралган бир канча тилдерди бириктирүүчү термин катарында колдонулуп келе жатат.

БАШКА ТИЛДЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ӨЗДӨШТҮРҮЛҮШҮ

Октябрь революциясынан кийин кыргыз тили орус тилинин эсебинен өз лексикасын байытып, анын артынан фонетикасы акырындап прогресске бара жаткандыгы басмада белгиленип келе жатат. Тилдеги жаңылыктар ар дайым эскинин жок болушун күтүп турбайт.